Menu

Сооронбай Жээнбеков: «Байчечекей» журналы 40 жылдан бери билим, тарбия берүү жана таанып билүү милдетин аткарып келүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Байчечекей» журналынын башкы редактору  Токтосун Самудинов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Токтосун Самудиновго өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, «Байчечекей» журналы 40 жыл бою билим, тарбия берүү жана таанып билүү миссиясын аткарып келе жаткандыгын белгиледи.

Токтосун Самудинов маалымдагандай, 2017-жылдын январь айында «Байчечекей» журналынын негизделгендигине 40 жыл толот. Буга байланыштуу журналдын юбилейлик санын жана балдар үчүн китеп чыгаруу пландаштырылууда.

Ошондой эле ал журналдын нускасын көбөйтүү ниети тууралуу бөлүшүп, учурда айына 6-8 миң нускада чыгып жаткандыгын билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токтосун Самудиновдун өлкөдөгү мектепке чейинки балдар үчүн мамлекеттик тилди окутууда окуу куралы катары жаш таланттардын чыгармачылыгын жайылтууга мыкты аянтча болуп эсептелген уникалдуу журналдын сакталышына кошкон салымына жогору баа берди.

«Өкмөт тараптан журналды балдар арасында жайылтуу үчүн тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Советтер Союзу кулаган соң көптөгөн гезит-журналдар жоюлуп кетти, ал эми сиздер «Байчечекейди» сактап кала алдыңыздар. Бул журналды окуп, бир далай муун өсүп чыкты жанан аны келечекте колдоого алуу жана өнүктүрүү зарыл», – деди Өкмөт башчы.

Жолугушууда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токтосун Самудиновду 75 жылдык юбилейи менен куттуктап, ага чың ден-соолук жана бакубат өмүр каалады.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Байчечекей» журналы мекттепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн эсептелген түстүү басылма болуп саналат. Журнал 1977-жылы жарык көрө баштаган, ошлол мезгилден тарта аны Токтосун Самудинов жетектеп келе жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: