Menu

“Референдумга жол жок!” кыймылы Референдумду токтотуу, Парламентти таратуу боюнча кол топтоо жараянын баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-сентябрда “Ак кеме” мейманканасында “Референдумга жол жок!” кыймылы маалымат жыйынын өткөрүп, Референдумду токтотуу, Парламентти таратуу боюнча кол топтоо жараянын баштады. Төмөнкүдөй коштомо сөз жазылган баракчага бүгүн эле Бишкек шаарынын жүздөгөн тургундары кол коюшту. Бул иш –чара Кыргызстандын баардык аймагында жигердүү жүргүзүлөрү, алгачкы жыйынтыгы 8-октябрда боло турган Референдумга каршы турган күчтөрдүн Курултайында чыгарыларын кыймылдын жетекчилеринин бири Кадыр Кошалиев маалымат жыйынында билдирди.

Кайрылуу

Урматтуу мекендештер! Кадырман калайык калк! Баарыныздарды КРнын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешин таратуу демилгесин колдоого чакырабыз!

Жогорку Кеңеш өз алдынча өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу эң жогорку мамлекеттик бийлик бутагы катары элдин ишеничин актай алган жок. Аткаруу бийлигине көз каранды болуп, “чөнтөк” парламент аталды. Жогорку Кеңештин депутаттары өз ыйгарым укуктарын мыйзамдуу аткарууга алсыз болуп, мамлекеттик-улуттук кызыкчылыкка каршы келген аракеттерди жасап жатышкандыктан таратылсын!

Урматтуу мекендештер! Кадырман калайык калк!

Өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалдан улам, бийликти узурпациялоого жол бербөө жана референдумду болтурбоо максатында кол топтоо жараяны башталды. Бийлик тарабынан бардык укуктук-юридикалык процедуралык талаптарды одоно бузуу менен тар саясий кызыкчылыктан улам жалпы элдик добуш берүүгө коюлуп жаткан Конституциянын долбоору улуттук-мамлекеттик кызыкчылыкка караманча каршы келгендиктен референдумдун өтүшүнө каршыбыз! Ошондуктан, биз: “Атамбаев бийликте турганда эч кандай референдумга жол жок!” – деп өз колубуз менен кол коёбуз жана өлкө тагдырына кайдыгер эмес жарандардын баарын каршы турууга чакырабыз!

“Референдумга жол жок!” кыймылы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: