Сайдулла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, Канат Исаев, Исхак Масалиев
Парламент “пахмелдери”
Сайдулла Нышанов: – Сооронбай Шарипович, булардын баары жомок айтып отурушат.
“Азия Ньюс”: – Азыр жомок айтпай калган. Анекдот айтышат.
Сайдулла Нышанов: – Налогдун жаңы түрлөрүн киргизип, куюлуп жаткан бензиндин ар бир литрине бир сомдон кошуп коелу.
“Азия Ньюс”: – Анда куюлуп аткан пивого деле кошкула. Көбүктөн эле миллиондорду табасыңар.
Зиядин Жамалдинов: – “Шапкелерди” бюджетке түшүрө турган болсок, 700 млн. сом акча түшөт.
“Азия Ньюс”: – “Чөнтөктөр” ага макул болбойт го…
Акылбек Жапаров: – Эгер проблема акча менен чечилсе, ал проблема эмес. Бул – чыгаша.
“Азия Ньюс”: – Еврей боло баштагансызбы, Акылбек Үсөнбекович?
Канат Исаев: – Бүгүнкү күндө мектепте завуч болуп иштеп көрбөгөн адам министр болуп иштеп отурат.
“Азия Ньюс”: – Демек, ал чыныгы XXI кылымдын кадры экен.
Мирлан Бакиров: – Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, керектүүсүн алыңыздар, керексизин өзүңүздөр билесиздер.
“Азия Ньюс”: – Каяка пайдаланышты…
Исхак Масалиев: – Үч жашар бала, менин адашым көчөдө жатса эч ким акыбалын сурап койгон жок.
“Азия Ньюс”: – Аты эле эмес, фамилиясы да сиздикине окшош болсо сурашмак.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ