Menu

Эне тил кечээ, бүгүн жана эртең

Бөлүшүү:

Тоталитардык режим солкулдап турган мезгилде 1989-жылы 23-сентябрда Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик тил деп жарыяланышы көптөрдү кубандырса, айрымдарды таңкалдырып, кээ бир кичинесинен шаарда төрөлүп, шаарда чоңоюп, шаарда окуп билим алып, шаарда иштеген «киргиздерди» жана орус тилдүү жарандарыбызды ыңгайсыз абалга алып келген

Кыштымдар өздөрүн кыргыз атаган

Андан бери чейрек кылымдан ашуун убакыт өттү. Эне тил маселеси күнүмдүк басылмалардан, радио-теле берүүлөрдөн байма-бай айтылып күн тартибинен али күнчө түшпөй келе жатат. Ал тургай ар дайым айтыла берип көнүмүшкө айланып бара жаткандай..

Көчөлөрдөгү сабатсыз жазылган жарнак, көрнөктөрдү көрүп, расмий тилде токулган токтомдорду, жалбырактай жааган буйрук, чечимдерди окуп 27 жылдан бери эне тил маселесинде биз эмнеге жетиштик, эмнеге жетише албай жатабыз деп ойлоого аргасыз болосуң. Кыргыз тили совет бийлигине чейин эле нукура кыргыз элинин тили болчу. Анткени биздин ата-бабаларыбыз ушул тилде Манасты жаратып муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген. IX кылымдагы Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мезгилинде «кыштымдар» өздөрүн сыймыктануу менен кыргыз деп атап, эч кандай буйрук чечимсиз мамлекеттин кийлигишүүсүз эле кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде сүйлөшкөн.

Кыргыз тили өнүгүп келе жатат

Кыргыз тилин улуттук деңгээлге жеткирүүдө совет бийлигинин кошкон салымы чоң. Совет бийлигинин «Формасы улуттук, мазмуну социалисттик маданиятты өнүктүрүү» принцибинин негизинде элдин сабатсыздыгы жоюлуп, жер-жерлерде, айыл-кыштактарда кыргыз мектептери ачылып, кыргыз тилинде окуу китептер чыгарылып, дүйнөлүк адабияттар кыргыз тилине которулуп, Улуттук кыргыз драм театры уюшулбады беле. Аларды кантип танабыз?

Кыргызстанда кыргыз тили улуттук тил катары өзүнүн өнүгүүсүн токтоткон жок. Дагы деле өнүгүп жатат. Бирок мамлекеттик тил катары өнүгүп жатат деп айтыщ кыйын. Анткени Кыргыз мамлекетинин мамлекеттик органдары бири-бири менен иш кагаздарын расмий тилде жүргүзүп келе жатышат. Мамлекеттик тил сентябрь айында гана эскерилбесе калган учурларда эске алынбайт деле.

Балдарыбыз “папа”, “мама” деп калышкан

Советтик тоталитардык режимдин күч алышы, «пролетардык интернационализм» принцибине жамынган «Улуу державалык» саясат эне тилибиздин өнүгүшүнө кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизгендигин да танууга толбойт. Мен Кыргыз элинин эгемендүүлүккө шилтеген алгачкы кадамы 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялоодон башталган деп ойлойм. Ал кезде бул кадамды шилтештин өзү чоң кайрат күчтү талап кылган. 80-жылдары кыргыз тили шаар эмес айыл жерлеринде өзүнүн улуттук маанисин жоготуп балдарыбыз «папа», «мамага» өтүп, райондордогу бардык чогулуштар, иш-чаралар расмий тилде жүргүзүлүп, эне тилибиз эл журттан четтеп калбады беле. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил деп жарыяланышы бул элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болгон. Андан бери 27 жыл өттү. Элдин кыргыз тилине болгон кызыгуусу артып бала бакчаларда, мектептерде кеңири кулач жайып, кыргыз тили адеп-ахлактын, билимдин тилине айланды десем жаңылышпайм. Бирок кыргыз тилин канчалык аздектесе да, балдарын орус тилиндеги бакчаларга, мектептерге берүүнү артык көргөн ата-энелер дале көп. Муну менен ата-энелерди күнөөлөгүм келбейт. Эне тилибиз толук мамлекеттик тил макамына ээ боло албай жатса, өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө чыгуу үчүн башка тилдерди үйрөнүү биринчи орунга коюлуп жатса аларда эмне айып.

Мамлекеттик тилдин 27 жылдан берки көйгөйү

Биринчиден, бала бакчаларда, мектептерде кыргыз тилинде окутканыбыз менен аларды заманбап технологиялар менен жабдый алган жокпуз. Көрсөтмөлүү ачык сабактарды жогорку деңгээлде өткөрсөк да, күнүмдүк сабактар мурунку эле нукта өтүүдө. Эне тилди үйрөтүү бала бакчалардан эмес, энелер мектебинен башталышы керек. Ал үчүн энелердин эне тилине болгон кызыгуусун жана жоопкерчилигин арттыруу абзел. Бүгүнкү күндө бешик ырын ырдап бешик терметкен бир да энени уга да, көрө да элекмин. Биздин ата-бабаларыбыз эне тилин эненин сүтү, бешик ыры, чоң энелердин жомогу, чоң аталардын санжырасы, нуска кептери, комуз күүсү, жигиттердин шырылдаңы, кыз-келиндердин бекбекейи менен каны жанына сиңирип келген. Эне тилди мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнү дал ушул энелер мектебинен башташ керек.

Экинчиден, Кудайдын мунусуна да шүгүр, эне тилибиз көчө тилинен бала бакчаларда, мектептерде билимдин деңгээлине жетти. Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун балдары да кыргыз мектептерде окуп, кыргызча билим алууга далалат кылууда. Америкадан, Германиядан, Япониядан келген волонтёрлордун кыргызча сүйлөгөнүн угуп бөтөн элдин өкүлдөрүнүн кыргыз тилине болгон сый-урматын сезип жүрөгүң кубанат. Бирок кыргыз тили мамлекеттик тил болуш үчүн илимдин тилине жетиши керек. Ал үчүн атайын орто окуу жайларында, жогорку окуу жайларында дарстар эне тилибизде окулуп, илимий ачылыштар эне тилибизде жасалууга тийиш. Бул бүгүнкү күндө күлкүлүү угулушу мүмкүн. Эне тилди илимдин деңгээлинде өнүктүрүүнү студенттик скамейкадан эмес, колдон келсе мектеп партасынан баштоо зарыл.

Көпчүлүк профессорлор, доценттер кыргыз тилинде дарс окуудан качышат. Анткени алардын түшүнүгү боюнча кыргыз тили илимдин эмес, адабияттын, санжыранын тили. Андыктан Кыргызстанда кыргыз тили, адабияты жана Кыргызстандын тарыхы боюнча айрым гана илимий эмгектер кыргыз тилинде жазылганы болбосо дээрлик бардык илимий монографиялар, диссертациялар, илимий макалалар орус тилинде гана жазылат. Кыргыз тили анан кантип илимдин тили болсун? Кээде эмне үчүн мамлекеттик тилдин өнүгүшүн кыргыз интелигенциясы өзүнөн баштабайт деп ойлойсуң.

Үчүнчүдөн, кыргыз жаштары келечекте өздөрү кызыккан башка тилдерди эне тилинен кем билбеши керек. Бүгүнкү күндө биз мындай жаштардан кур эмеспиз. Кыргыз жаштары азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окуп, иштеп, жашап жатышат. Бирок орус, англис, немец тилдерин өздөштүргөндөн кийин көпчүлүк жаштардын эне тилге болгон мамилеси солгундай баштайт. Кыргызча окуганга караганда орусча окусак жакшы түшүнөбүз деген жаштарды көп эле көрүп жүрөбүз. Республикабызда иш кагаздардын көпчүлүгү алгач расмий тилде даярдалып анан мамлекеттик тилге которулат. Мамлекеттик тилде жазылган иш кагаздарды «котормо тилде жазылган» десек да болот. Аны ким которот адиспи же башкабы аны Кудай билет. Эне тилибиздин түшүнүксүз, супсак, чогоол болуп калышына ушул нерсе да таасирин тийгизип, иш кагаздардын стили сакталбай, терминдер чаржайыт болуп, андай документтерге жөн жай жарандар эмес адистердин түшүнүшү да кыйын. Демек, иш кагаздар алгач жакшынакай сөздөр менен кыргыз тилинде даярдалып, анан расмий тилге же башка тилдерге жеткиликтүү которулууга тийиш. Антпесек эне тилибизди мамлекеттик тил деп канчалык төш какканыбыз менен эч нерсе чыкпайт.

Төртүнчүдөн, Республикабызда эне тилге болгон бирдиктүү талаптын жоктугу байкалат. Муну жөнөкөй эле көрүнүштөн байкоого болот. Мектептерге же мекемелерге кирип бара жатканда «Кош келиңиздер!» же «Куш келиңиздер!» деген жазууларды окууга болот. Аргасыздан өзүңчө «кушу» туурабы же «кошу» туурабы деп ойлойсуң.

Бешинчи, шаардын көчөлөрүндө, ал тургай айыл жерлеринде да чет тилде жазылган көрнөк жарнактар көбөйүп кетти. Көчөдөгү көрнөк, жарнактардан кээде өзүңдүн кайсы өлкөдө жүргөндүгүң билбей каласың. Мамлекеттик тил мыйзамынын 27-беренесинде «Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде, зарыл учурда башка тилдерде да жоболоштурулат» деген талап бар эмеспи. Айрыкча, бизнес чөйрөсүндөгүлөр муну ар дайым эске алышы зарыл.

(уландысы бар)

Кочкор айылы, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептин тарых мугалими Жумабек Болотбеков

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: