Menu

Алмаз Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев Россия Федерациясынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Москва шаарындагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мурда кабарлангандай, Атамбаев мурда анын жүрөк оорусун изилдеген жана дарылаган Москвадагы Борбордук клиникалык оорукананын адистеринин кароосу алдында дарыланып жатат. Жүрөк аритмиясын дарылоого Россия медицина илимдери Академиясынын академиги, профессор А.Ш. Ревишвили катышууда. Азыр жүрөк аритмиясына байланыштуу проблемалар толук жоюлду.

Мындан тышкары, 2008-жылы ууландырылгандан кийин Атамбаев Түркияда ашказанын дарылаткан эле. Бул жолу да профилактикалык максатта Борбордук клиникалык оорукананын дарыгерлери Атамбаевдин ашказанын изилдөө жүргүзүштү.

Дарыгерлер Алмаз Атамбаевдин абалы кыйла жакшырганын белгилешти. Алардын корутундусу боюнча, Атамбаевдин абалы канааттандырарлык жана ушул жуманын аягында ооруканадан чыкса болот.

Москвалык адистер менен бирге Атамбаевди дарылоого Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн Иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары, медицина илимдеринин доктору, кардиолог Гүлмира Баитова да катышып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: