Menu

Алмаз Атамбаев ушул апта соңунда ооруканадан чыгышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Алмаз Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда. Аталган оорукана Орусия президентинин иш башкармалыгына карайт.

Маалыматка караганда, Атамбаевдин саламаттыгына мурда аны жүрөк илдети боюнча текшерген дарыгерлер көз салууда. Аритмияны (жүрөктүн согушунун бузулушу) дарылоого Орусиянын медицина илимдери академиясынын окумуштуусу, профессор Амиран Ревишвили тартылган. Дарыгерлер президенттин ден-соолугу жакшырып калганын белгилешкен, ал ушул аптанын аягында бейтапканадан чыгышы мүмкүн.

Президенттин басма сөз кызматы Атамбаев 2008-жылы ууланганда Түркияда ашказанынан операция болгонун, учурда бул боюнча да профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөнүн кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев 19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун жыйынына кетип жатып жүрөгү ооруп, Түркияда калууга мажбур болгон. 23-сентябрда Москвага барган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: