Menu

Нарынбек Күрөңбаев, КТРКнын отличниги, «Таалимтай» долбоорунун жетекчиси: «Бала жылмайса аалам жылмаят»

Бөлүшүү:

Акыркы беш жылдыкта кыргыз телевидениесинде чоң жаңылык болгон. 2011-жылдын 23-мартында балдарга арналган атайы «Таалимтай» берүүсү жарыкка чыккан. Берүүнүн автору Нарынбек Күрөңбаев аталган долбоордун беш жыл ичинде жетишкендиктери жана бүгүнкү күндөн муктаждыктары тууралуу буларга токтолду.

– Агай, алгач берүүнү чыгаруу идеясы кайдан келип чыккан?

– Мен бул долбоорду ачаардан мурун ушул кыргыз телевидениесинде “Ала-Тоодо” 15 жыл, спорт жаңылыктарынын алып баруучусу болуп жети жылдан ашуун эмгектендим.  Бирок кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, ортодо катуу сыркоолоп бир жарым жылдай жумушка чыга алган жокмун. Негизи чыгармачыл адамдар бир орунда жата алышпары баарына маалым. Мен дагы ошондой болуп өзүмдү акырындап машыктырып, ден соолугумду чыңдап акыры жумушка чыктым. Учурдан пайдаланып мени жумушка кайра алган жетекчиликке ыраазычылыгымды билдиргим келет. Жумушка келгени жаңы идеялар пайда болуп ооруну дагы унуттум. Бир кү нү сыналгыны карап отуруп орустардын “Ералаш” берүүсүн көрүп эмнеге биздин каналдан ушуга окшогон берүүнү алып чыга албайбыз деп балдарга арналган атайы долбоор жазып аталышын «Таалимтай» деп атадым.

– Эмне үчүн «Таалимтай»,  “Ералашка” окшоштуруп Аралаш эмес?

– “Ералаш” – бул түрк тилинен которгондо бизче «Аралаш» дегенди билдирет экен. Анан өзүбүздүн менталитетке ылайыктап, ойлонуп отуруп, юмор аралашкан тарбиялык маанисине басым жасап «Таалимтай» деп атадым. Долбоорумду жетекчилик жактырып кабыл алышты. Абдан кубандым. Ошентип 2011-жылдын 23-мартында алгачкы көрсөтүүбүз эфирге чыгып бүгүнкү күнгө чейин өз күйөрмандарын таап келе жатат. «Таалимтайдын» негизги максаты – ңсүп келе жаткан жаш муунга тарбия берүү, туура нукка буруу.

– Долбоордун үстүндң канча адам эмгектенет? Сценарийлер кандай жол менен такталат?

– Башынан эле бул долбоордо эки адам эмгектенип келгенбиз. Режиссер жана мен сценарист.  Катышуучу балдарды атайы кастинг менен тандайбыз. Андан сырткары, долбоорго белгилүү артисттер, актерлор катышып ар сценарийге ылайык ролдорду ойношот.  Сценарийди көбүнчөсү өзүм жазам, анан штаттан тышкаркы жаза турган атайы балдар бар, алар кээде жазышат.  Окуяларды кээде орусчадан которсом көбүнесе жашоодон алынгандар. Ата-энелер башынан өткөргөн окуяларды айтып беришип, аларды мен ылайыктап жазып чыгам.  Ошентип кыска юмор аралашкан окуялар жаралып калат.

– Беш жыл ичинде «Таалимтай» эмнеге жетишти, кандай дагы кемчиликтер бар?

– Беш жыл ичинде долбоорубуз эң негизги жалпы журтка тараган, кызыгып көргөн балдардын сүйүктүү берүүсүнө айланды. Мындан бир жыл мурун «Мыкты долбоор» аталдык. Беш жыл мурун кастингге келип өз өнөрлөрүн көрсөткөн балдарыбыз азыр бой жетип, такшалып, өзгөрүп, жөндөмү өрчүп калышты. Мен мында биздин долбоор чындыгында тарбиялык мааниси күчтүү экенине ынандым. “Таалимтайдын” өзүнүн тартибине ылайык өспүрүмдөрүбүздү тарбиялап келе жатабыз. Жетишкендигибиз ушул, ал эми кемчилигибиз деле жок болгону техникалык жабдуулардан аксап турабыз. Эгерде техникалык жабдуулар талапка ылайык болуп берсе мындан дагы кңчтүү окуялар чыгып турмак деп ойлойм. Бирок албетте бул ойлор буюрса ишке ашат деп ишенем.

– Даталуу күнүңөргө даярдык кандай жүрүп жатат?

– Даярдык буюрса жакшы. Ушул күз айларынын биринде атайы концерттик программа менен камтылган иш-чараны даярдап жатам.  Беш жыл ичинде катышып, өз өнөрүн көрсөтүп келген балдарыбызга атайы «Таалимтай» медалдары дайындалды, ошондой эле ошол аралыкта чыккан бардык окуялар жыйнагы китеп болуп чыгып жатат. Кечебизге белгилүү артисттерибиз дагы катышат.

– Негизи «Таалимтайга» катышуу системасы кандай?

– Биздин долбоорго катышуу үчүн атайы система жок. Бизде кастинг гана болот, сценарийге жараша балдар тандалат. Мектептер менен абдан жакшы, биргеликте иштерди алып барып жатабыз. Андан сырткары, катышып жаткан балдардын ата-энелери бизге абдан чоң жардамын берип жатышат. Мен учурдан пайдаланып ата-энелерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Учурда кыргыз телевидениесинде «Келечек» студиясы иштейт. Былтыр атайы «Баластан» каналы дагы ачылды. Биздин долбоор ошол «Келечек» студиясына таандык.

– Балдарыңызга каалоолоруңуз.

– «Бала жылмайса аалам жылмаят» деген кеп бар. Анын сыңары ар дайым балдарыбыз жылмайып турсун, ааламыбыз наристелердин күлкүсүнө толсун.  Аалам тынч болсун. Чындыгында балдар темасы – бул түгөнгүс тема. Кайталанып, жаңыланып уланып кете берет. Ошондуктан биздин «Таалимтай» дагы жаңланып, уланып кете берет.

Адика Исмаилова, «Таалимтай» берүүсүнүн режиссеру: «Чоң команда болсок деп тилеймин»

-Таалимтайды көбүнчөсө орустардын “Ералашына” салыштырып келишет. Мен айтаар элем, мында эч кандай окшоштук жок. Себеби, биздин берүүлөр өзүбүздүн менталитетке ылайыкташкан. Азыркы күндө “Таалимтай” өз күйөрмандары арбындап калды, мындан беш жылдан кийин дагы мындан дагы чоң ийгиликтерди жаратабыз деген ишеничтемин. Негизи “Таалимтай” берүүсүнң атайы студия болсо деп кыялданам. Анда чоң шарттар түзүлүп, мындан дагы сонун тамашалар тартылмак деп ишенем.

Маектешкен Назира-Бегим

Булак: “Асман+”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: