Учурда талап-тоноочулук боюнча ар түрдүү маалыматтар жарык көрүп, тиешелүү органдардын иликтөөсүн талап кылган жагдайлардын сыры ачылууда. Алсак, Максимге тиешелүү болгон БНК (май куюучу) компаниясы 2010-жылы улутташтырылып, анын башкаруучусу болуп “Ата Мекен” партиясынын бир адамы коюлган. Кийин БНК 3 миллион долларга сатылып, анан аны кайра Россиянын “Роснефть” компаниясына 34 миллион долларга сатышып, ортодон 31 миллион доллар пайда көрүшкөн. Мамлекетти тоногон мындай кызыл кулактык боюнча кылмыш иши козголуп, белгисиз себептерден улам аягына чыкпай калган. Эми бул иш кайрадан жанданып, көз боемочулук кылып мамлекетти ири зыянга учураткандар кеч болсо да жоопкерчиликке тартылганы калды. “Ата Мекен” партиясынан кимдердин кулагы чыгаар экен күтө туралы..
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ