Адиль Турдукуловдун шпион экенине ит да ишенбейт!
Бул бийликте эч кандай абийир чектөөсү, адамгерчилик деген түшүнүк жок. Булар бардык нерсеге даяр. Керек болсо тууганды тууганга, досту доско каршы тукурат. Акмакчылык!
Адиль Турдукуловго карата жасалып жаткан ыплас каралоолор бул Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен уюштурулган спектакль. Мен буга чейин Илим Карыпбековдун мыкты менеджер болгону үчүн колдоп келгем. Бирок бул ирет четте карап турганга болбойт. Илим мырза, эгер өзүңүздү Кыргызстандын патриотумун деп эсептесеңиз, анда бул Сиздин буйругуңуз эмес экенин түшүндүрүп туруп кызматтан кетишиңиз керек.
Атамбаев бийлиги ушунчалык ыплас ыкмаларга өттү. Эгер минтип отурса атасы баласына баласы атасына каршы көрсөтмө берген Сталиндик-Ежовдук системага кайтып барабыз. Бул коркунучтуу тенденция.
Адилет Айтикеев, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ