Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаевдин трагедиясы – өз шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, секретаршасын, жардамчыларын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын бийликке алып келип алгандыгында”

Бөлүшүү:

Гезитибиздин туруктуу эксперти, тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеров: “Атамбаевдин трагедиясы – бийликке компетентсиз, чийки кадрларды, шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, жардамчыларын, секретаршасын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын алып келип алган”,- деген ойдо. Анын айтымында, кимдин коррупцинер экенин билиш үчүн, парламенттеги 120 депутаттын бүт баарынын мүлкүн коомчулукка ачыктап берүүнү талап кылыш керек.

– Атамбаев чын эле ооруп жатабы? Же Нью-Йоркко жетпей калышынын эл билбеген себептери барбы?

– Бишкектен Нью-Йоркко учуп кеткен кыргыз президенти Атамбаев жарым жолдо Стамбулга аргасыз конууга мажбур болуп, өлкө башчысы түрк доктурларынын кеңеши менен сапарын токтотту. Президент А.Атамбаев жүрөк ооруу симптомдору байкалгандыгына байланыштуу Измирдеги “Шератон” мейманканасына жеткирилип, дарыгерлердин байкоосуна алынды. Бул коомчулукта бир топ суроолорду жаратты. Саясатчылар, саясый экспертер ар түрдүү жоромолодорду айтып, саясат кызып кетти. Булардын бир даары, Атамбаев муну менен Б.Ельцин сымал, “чарчадым, кетем” таризинде, “чоң саясаттан кеткени жатат” деп чыкты. Бир даары “ал убактысынча өзүнүн оппоненттеринин чабуулунан алысыраак болуп, соккулардын чордонунда калбоону чечти жана оппонеттери бир аз тынчыганча богуп турууну туура көрдү”- дешти. Бирок, чын-чына келгенде, “Атамбаев бул амал менен тышкы саясый таасирлерди жөнгө салып алууну көздөдү” десек туура болчудай. КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде Путинден ал Александр Невскийдин орденин алганы менен, бүгүн өлкөдө бийликтин конституциялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү аракети толук колдоо таппай, оңтойсуз абал жаралды. Себеби, саммиттин алдында оппозиция күчтөп, Атамбаевдин өзүнө “М.Бакиевдин жер тилкесинде үй салып жатат”,- деген дооматтар коюлуп, чабуул күчөй тургандай сүр берип калган. Ошондон улам да, Атамбаев мурда маалымдалгандай, салынып бүткөн үйүнүн ачылышын өткөрө алган жок. Мындай абалда, президент А.Атамбаев БУУ сессиясына эч камырабай кетип калышы кооптуу эле. Түзүлгөн абал жаңы тактика, жаңы кадамдарды талап кылып жатты. Ошондуктан, А.Атамбаев адеп тышкы саясаттагы абалын бир нукка салып алуу үчүн, БУУнун сессиясына катышуунун ордуна, Измирдин мейманканасына убактылуу богуп, жатып алып, саясый процесстерге анализ жүргүзүп көрүүнү туура деп чечти деген пикир чындыкка жакын. Себеби, Атамбаев БУУнун сессиясында өзгөчө көңүл кыргыз президентине эмес, тескерисинче анын оппоненти экс-президент Р.Отунбаевага берилерин жакшы билген. Экинчиден, Р.Отунбаеванын аброюнун өсүшү, Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландарына чоң тоскоолдук жаратмак. Үчүнчүдөн, бул 2017-жылкы президентик шайлоолордо бийлик менен Орусия каалаган адамды бийликке алып келүүгө тоскоолдуктарды жаратышы айдан ачык эле.

– К.Батыровдун ОБСЕнин сессиясына катышып, сөз сүйлөшү жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиз кандай баалайсыз?

– Бул маселде ар кандай божомолдор айтылууда. Айрымдар “бийлик сепаратисттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды өз тарабына тартууну көздөдү”,- деп жатышат. Ошондон улам “Фергана.ру” сайтындагы “бийлик сепаратисттердин лидерлери менен сүйлөшүп, Р.Отунбаева жана экс-УӨкө каршы билдирүүлөрдү жасатууга аракет кылып жатат” деген маалыматтын тарашы бекер болгон жок деп айтууга болот. Бирок, менимче К.Батыров адатынча өз оюнун жүргүздү. Ал ОБСЕнин сессиясына барып катышып, сөз сүйлөп, бийлик менен оппозициянын ортосундагы отту ого беш бетер курчугудай кылып, бирок, бийликке референдумду оңой өткөрүп алууга ыңгайлуу шартта билдирүү жасады. К.Батыров өз сөзүндө УӨтү кескин сынга алган жана кыргыз элин “2010-жылы геноцид жүргүздү” деп билдирип, дүйнө коомчулугуна жар салды. К.Батыровдун бул билдирүүсү, анын конституциялык өзгөртүүлөрдү жүргүзү боюнча айткандарынан да өтө кооптуу болду. Анын билдирүүсү кыргыз саясатчыларын жана коомчулугунун нааразычылыгын жаратты. К.Батыровдун кыргыз элине каршы сүйлөшү – рефедендумдун жыйынтыктарына кыйыр таасир этип, бийликке жеңилдиктерди түзүшү мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда, бул бир эсептен бийлик саммитте Конституция боюнча референдум өткөрүүгө Орусиядан колдоо таппагандыгын айгинелесе, бир эсептен кыргыз бийлиги бул ишти эч сырткы колдоосуз эле өз жолу менен аткарууга белсенип жатканын көрсөтүп турат. Ошондуктан, Атамбаев Измирде туруп, конституциялык өзгөртүүлөрдүн жүрүшүнө кызыгып, ал иштин улантыла беришин парламенттен суранып кайрылды.

– Пан Ги Мундун өлкө башчыларына карата кескин билдирүүсү Кыргызстанга да тиешелүүбү?

– Албетте. БУУ генералдык секретары Пан Ги Мун да айрым өткөөл өлкөлөрдүн президенттери өз элинин кызыкчылыгында аракеттенгендин ордуна, өлкөнүн конституциясын өз кызыкчылыктарында өзгөртүү жана оппонент саясатчыларды, лидерлерди камакка алуу менен алек болуп жатканын белгилеп, “бул туура эмес” деп жар салышы, кыргыз президентинин адресине карай кезектеги сокку болуп калды десек болот. Пан Ги Мундун “өлкө президентинин эң негизги милдети – Конституцияны өз кызыкчылыгында өзгөртүү эмес, тескерисинче өз элиңерге ак кызмат кылуу”- деп эскертиши кыргыз коомчулугуна, саясатчыларга өз таасирин тийгизбей койгон жок. Анын бул билдирүүсү президент А. Атамбаев “БУУдан колдоо таппарына ынангандыгынан улам, Стамбулга конууга аргасыз болду” деген пикирлерди кайсы бир деңгээлде бышыктагандай болду. Пан Ги Мун өтө таасирдүү адам. Ошондуктан, эгер Конституция өзгөрүп кетип, өлкөдө абал кыйындап кетсе, анын бул сөздөрү революциялык маанайды жаратуучу курал болуп калышы мүмкүн.

– А.Атамбаевдин Стамбулга конуп, бирок, Измердеги “Шератон” мейманканасына жатып дарыланышы, анын оорубай эле, “өз бизнестерин Орусияга көчүрүү үчүн атайы трюк болду”- дегендер бар.

– “Эл оозунда элек жок”,- дейт эмеспи. “Крымга көчүрүптүр” дегендей ар кандай сөздөр айтылып жатат. Себеби, протокол боюнча өлкө башчы ооруканада жатышы керек болчу. Ошого бул маселе азырынча сыр боюнча калууда. Бирок, адилеттүүлүк үчүн Атамбаев бизнестерин башка өлкөдө деле туруп, башка жакка которуп алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да айтып коюшубуз шарт. Юристтер ошол жакка деле келип, документтерге кол койдуртуп алышмак да. Бирок, Атамбаевдин Москвага келип, ошол жакта дарылана тургандыгынын анык болушу Кыргызстандагы эмки саясый процесстер Кремлдин көзөмөлүндө өтөөрүн айгинеледи десек болот. Б. а. Кремль Атамбаевди жакын кармап, Кыргызстандагы саясый процесстерге өз учурунда реакция берүүнү чечти. Туркияда жатса “демилгени батыш алып кетет” деп коркту. Бул болсо “өлкөдө кезексиз президеттик шайлоолор болуп калышы мүмкүн” деген маалыматтын тарашына шарт түздү. Бүгүн Атамбаев Москвага бекер келген жок, ал Ельцинчилеп, “чарчадым, кетем” деп жар салып, “мураскерин макулдашууга барды” деген пикирлер айтыла баштады. Саясатчылар бери дегенде Москвага кулак түрүп, ошол жакты кылчактап калды десек болот. Бирок, биз “Атамбаев бул жүрүшү менен тышкы саясый таасирлерди жөнгө салып алууга аракеттенди” деп түшүнгөнүбүз оң. Себеби, бүгүн Атамбаев БУУнун сессиясына көңүл бурган жок деп эч ким сынга ала албайт, ал аракет кылды, бирок тилекке каршы ден-соолугуна байланыштуу бара алган жок. Бирок, ошол эле учурда эми Атамбаевге ички саясый процесстерди жөнгө салууга туура келет. Механикалык жактан бул оңой. Мамлекеттик машина Акаев-Бакиевдин доорунан бери бийликке иштеп келген. Бүгүн да иштеп жатат. Бир жумадан бери КТРК, ЭлТР, 5-канал ж.б. ММКлар Атамбаевдин оппоненттерине чөмүчтөп болсо чөмүчтөп, чакалап болсо чакалап жугунду куюп жатат. Бирок, ошол эле учурда булар мурдагысындай эле “миллиондорду кымырып алды” деп, айыбын ачкандар жөнүндө бир дагы маалымат беришпей, эл байлыгын талап-тоноп, элдин эсебинде жашагандарды ачыктап, уяткаргандын ордуна алардын коррупциялык кылыктарын жаап, жашырып аларга жан тартып, бийликтин ур токмогунун ролун аткарып жатышат. Ошондон улам, бийликке конституциялык өзгөрүүлөр аба менен суудай керек болсо да, “карапайым элге ошо керек бел?”-е деген суроого туушугасыз. Бирок, бул суроого жооп дайыма ачык бойдон калып келет. Себеби, Пан Ги Мун таасын белгилегендей, бийликтегилер өлкөнүн Конституциясын өз кызыкчылыгында каалаган учурда, каалагандай өзгөртүп алып жатат. Бул болсо,” бир ууч адам мамлекеттик машинаны өз кызыкчылыгында иштетип жатат”- деп коңгуроо кагуу менен барабар.

– Революционер А.Атамбаевди бүгүн эмне гана дешкен жок. Ак үйдөгү Ф. Ниязов ж. б. эле укпай жатышпаса, түрлүү сөздөр айтылып жатат. “Ууруну карма” деп кыйкырып жатышып, “өзүлөрү эл байлагын кымырып, мародерлук кылып, басып алып жаткан турбайбы” деп жатышат. Деги Атамбаевдин трагедиясы эмнеде?

– Атамбаевдин катачылыктары Акаев-Бакиевдикиндей эле. Бийликке компетенттсиз, чийки кадрларды: өз шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, секеретаршасын, жардамчыларын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын ж. б. алып келип алгандыгында. Булардын айрымдары Ак үйдүн жетинчи кабатынын кожоюну. Атамбаевди коомчулуктан изоляциялап салышкан. Президенттин аппарат жетекчиси эч нерсени чечпейт. Баарын 7-этаждын кожоюну диплому жок эле чечип жатат, “сотторду, прокурорлорду да, губернаторлорду тизет, а депутаттарды жүгүнтүп киргизет өзүнө”,- деп жазып жатышпайбы. Текебаев да каңырыгы түтөп, баарын ачык айта баштады го. Эл тажап бүттү да. Эл баарын билет да, базарга же “Дордойго” барсаңыз, “президент оорубай эле уятына чыдабай, убактылуу сыртка чыгып кетти, тегереги аны уят кылды” деп жатышат. Бирок, канткен менен, Атамбаев өз бийлик пирамидасын түзүп бүтө элек. Конституцияны өзгөрткөндөн кийин, Кыргызстанда жаңы кландын бийлиги толугу менен орношот. Бийлик бекемделгенден кийин, Атамбаевдин тегерегине эч кимдин кереги жок болуп калат. Жада калса, азыркы парламенттеги партиялардын лидерлери да саясаттан четтетилет. Парламент тараары менен жаны партиялар шайланып келет. Бул партиялардын лидерлери Атамбаевдин тегереги, жардамчылары, кенешчилери, айылдаштары, кайын журту ж. б. болуп калат. Б. а. Конституция өзгөрдөн кийин өлкөдө негизин Атамбаевдин тегереги түзгөн бир чоң кландын режими орнойт.

– “Референдумга жол жок” кыймылы бийлик тарабынан күчкө салынып жаткан референдумду токтотуу, азыркы парламентти таратуу боюнча кол топтоо жараянын баштады. Сиз колдоп жатасызбы?

– Ооба. Мен да бул идеяны колдойм. Атүгүл, мен буга дагы жаңы сунуш киргизгени жатам. Ө.Текебаевдин мүлкүн коомчулукка жар кылышты. Ал бүт мүлкүн санап берди. Мына дал ошондой кылып, парламенттеги бүтүндөй депутатардын мүлкүн коомчулукка ачыктап берүүнү талап кылыш керек. Анан алар да Текебаевчилеп ачыктап санап беришсин. Ошондо билинет ким коррупционер, кимдин элдин эсебинен жашап жатканы.

– Саясий процесстерди баамдап эле жаткандырсыз, кайсы саясатчыларга иштеп жатат. Кимдер жакшы упай топтой алды?
– Менин баамымда, бүгүн Ө.Текебаев өзгөчө манилуу кадамдар менен сөзгө алынып жатат. Мындан башка А.Мадумаров, М.Абдылдаев, Б.Төрөбаевдер позицияларын так билгизип, коомчулуктун көңүл борборунда болуп жатышат. Бул саясатчылар тегерегине интеллектуалдарды чогултуп, бийликтен айырмалуу саясат жүргүзүп жатышат. Мисалы, А.Мадумаров азыркы Конституцияны биринчилерден болуп сынга алган. Бирок, бүгүн аны өзгөртүүгө болбойт деп өзүнүн принципиалдуу позициясын көрсөтүп жатышы анын аброюнун көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүп жатат.

Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: