«Гоин» соода борборундагы жанамалардын көбүнчөсү расмий ж.б. тилдерде жазылып турганын билдирип, Бишкек шаарынын тургундары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга кайрылган. Кайрылуу боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жарнама иштери боюнча эксперти аталган соода борборуна барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөгөнү менен, ар түрдүү шылтоолорду айткан жетекчилиги менен жолуга албай келген. Бул жарнамалар боюнча жеринен тартылып алынган сүрөттөрдү тиркөө менен Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү бөлүмүнө кайрылуу жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ