Алмаз Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу Израиль Мамлекетинин Президенти Реувен Ревлинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтышы тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өз атыман Сизге, маркумдун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле бүткүл израиль элине бул оор жоготууга байланыштуу чын дилимен көӊүл айтам», – деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ