Menu

Сирияда немис журналисти ымыркайы менен чогуу туткундан бошотулду

Бөлүшүү:

Сирияда согушкерлердин колунда бир жылдан бери кармалып жаткан немис журналисти Янина Финдайзен туткундан бошотулду. Учурда ал Түркияда экенин, мекенине кайтууга даярдык көрүп жатканын Германиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Немис массалык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 2015-жылдын октябрынан бери ал “Жебат ан-Нусра” экстремисттик тобунда туткунда жаткан. Террорчулар ал үчүн 5 миллион евро талап кылышкан. Туткунда жүргөн кезинде ал балалуу болгон.

Сирияда согуш башталган алты жылдан бери бул өлкөдө 200дөй журналист каза тапты. Дагы 50 кабарчы түрмөдө же туткунда жатат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: