Menu

Бишкек али кризис сазынан чыга элек

Бөлүшүү:

Кыргызстан 2016-жылы бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартат. Өкмөттүн кеңешмесинде ушундай чечим кабыл алынды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, өлкөдөгү чыгымдар кирешеден көптүк кылууда. Мамлекеттик карыз 4,7 миллиардга жетти.

2015-жылы августта ЕАЭСке кирип, Кыргызстандын бийлиги “ИДПнын өсүшү 2016-жылы 5,6 пайызды түзөт” деп убада кылышкан. Чындыгында бул көрсөткүч жылдын акырында 2,7 пайызды түзүшү мүмкүн. Сооданын көлөмү, салык чогултуу  төмөндөп, мамлекеттик кырыз өсүүдө. “Өлкө интеграциялык бирикмеге кирсе, тез эле позитивдүү натыйжа болот” деген убадаларга карабастан, позитивдик өзгөрүүлөрдү мигранттар, айыл чарба продукцияларын жана текстилди импорттоочулардын бир бөлүгү гана сезе алышты.

Экперттер эскертишкендей, ЕАЭС Кыргызстадын ички проблемаларын чече алган жок. Кырдаалдын курчушуна кыргыз продукциясынын негизги сатып алуучулары – Россия менен Казакстандагы экономикалык кризис да кошул-ташыл болду.

Эми кыргыз чиновниктери “мамлекеттик казынанын чыгымдарын оптимизациялоо жана бюджеттин таңкыстыгынын көлөмүн төмөндөттүү” жөнүндө айта башташты. Минфин бул жылда чыгымдардын бир бөлүгүн кыскартуу боюнча сунушун  парламенттин кароосуна киргизди. Азырынча чыгымдарды 0,2 пайызга кыскартуу жөнүндө сөз болуп жатат.

Ошол эле учурда Кыргызстан чөнтөгүнө ченебей жашоосун улантууда. Бул жылы өлкө 1,84 млрд. доллар таап, 2,4 млрд. доллар чыгымдамакчы. Бюджеттин дефицитин тышкы карыздардын, башкача айтканда, башка өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алган карыздардын эсебинен жабууну пландаштырышууда.

Кирешелердин кыскарышынын натыйжаларынын бири – бул жергиликтүү бийликтердин жана криминалитеттин республикада иштеп жаткан бизнесмендерге жасаган визиттеринин көбөйгөнү болду. Визиттер буга чейин расмий жана расмий эмес түрдө макулдашылган төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө жандалбастап жатышат. Эгер алар жок дешсе “ишинде кыйынчылык туудурууга” убада кылышууда.

Баалардын өсүүсүнүн фонунда бийлик пенсияны көбөйтүүнү чечти. Октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия 6 долларга көбөйүп, 75,6 долларды түзөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору да кароо стадиясында. 2020-жылга эң аз айлыкты эки эсе көбөйтүү каралууда.

Григорий МИХАЙЛОВ, “Независимая газета”

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: