Menu

Реформатор министр

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасы тууралуу ушак-айың сөздөр соцжелелерде, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде желдей тарап жаткандыгына байланыштуу ИИМдин басма сөз кызматы тактоо иретинде анын жалган экендигин билдирет.

Коомубузда болуп жаткан жаңылыктар баардык жарандарды кайдыгер калтыра албаган мезгилде жашап жатабыз. Айрыкча такталбаган маалыматтар, ушак-айыңга такалган жагдайлар кимге болбосун тескери таасирин тийгизип жаткандыгы жашыруун деле эмес. Баса белгилеп айта турган багытыбыз, министр Кашкар Жунушалиевдин отставкасы тууралуу болуп жаткан маалыматтардын жалган жана ушак-айың экендигин расмий билдиребиз. Кашкар Жунушалиев учурда ички иштер органдарын реформалоо боюнча жүрүп жаткан баардык алгылыктуу иштерди толугу менен колдойт жана аны ишке ашырууну, аягына чыгарууну министр катары “негизги милдетим” деп эсептейт.

Жарандык милдетин аткарып, коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан күчтүү системага кандайдыр бир ишенбөөчүлүк жаратыш үчүн же ИИМдин жетекчилигин алсыратуу үчүн атайын ушактарды биринин артынан бирин таратып жатышат. Мындай маалыматтарды таратып жаткандардын максаты – ички иштер органдарына көлөкө түшүрүү жана өлкөдө уланып жаткан милициянын реформасына шек туудурууга багытталып жаткандыгын белгилейбиз.

Министр Кашкар Жунушалиевди учурда өздүк курам толугу менен колдойт жана ал жүргүзүп жаткан реформалык иштиктүү иш аракети өз жемишин берет деген терең ишеничте. Ал эч качан саясатка киришкен эмес, саясый интригалардан алыс жана бир дагы саясый партиянын жеке кызыкчылыгын көздөбөйт. Өз ишинин кесипкөй адиси, милициянын ички жана тышкы дүйнөсүн таасын айрый билген министр катары эң биринчи милдети жана парзы – республикабызда жашаган баардык адамдардын эркиндигин жана укугугун коргоодо, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөштө күжүрмөн даярдыкта дайыма даяр турган милициянын патриот жоокери жана башчысы катары кызматын өтөп келет.

Коомдук тартипти сактоодо, милиция кызматынын кадыр-баркын көтөрүүдө, коомдук алдын алуу борборлорунун иштерин чыңдоодо, эл менен бирге болуу, элдин мүдөөсүн угуу жана элге кызмат кылуу министрдин негизги принциптеринин бири.   Ошол эле убакта өздүк курамга да өзгөчө мамиле кылган, милициянын ички көйгөйлөрүн чече билген жетекчи катары өздүк курамдын алдында кадыр-баркы жогору. Министр Кашкар Жунушалиевди милициянын өздүк курамы жана жалпы жарандарыбыз коомдук тартипти сактоодо милицияга “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк” болуп колдой тургандыктарын ачык эле айтып жана жазып келишет.

Ошол себептүү Кашкар Жунушалиев тууралуу айтылган жана жазылган маалыматтар чындыкка жатпай тургандыгын төгүндөө менен бирге министр тууралуу ар дайым такталган маалыматтарды айтууга даяр экендигибизди билдиребиз.

ИИМдин басма сөз кызматы

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: