Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Олигархиялык парламент тарашы керек”

Бөлүшүү:

 

Өзүнчө көз карашы бар экс-депутат Равшан Жээнбеков менен мамлекетибиздеги саясый кырдаалдар боюнча ой бөлүштүк.

– Равшан мырза, имиштерге таянсак жакынкы күндөрү шайлоо компаниясы башталып, мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо жарыяланары тууралуу кептер тар чөйрөдө айтыла баштады. Ынансак болобу?

– Эми авторитаризм орун алган  мамлекетте президенттин кызыкчылыгына эмне туура келсе ошол  нерсе ишке аша берет. Эгерде президент Атамбаевдин кызыкчылыгына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү туура келсе, ал аны сөзсүз түрдө өткөрөт. Айтайын дегеним, президент аргасы жокпу же атайылап  президенттик кызматтан баш тартабы же болбосо  Кремлдеги күчтөр мажбурлап коёбу, президенттик шайлоо өз мөөнөтүнөн мурун болуп калышы  мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурун шайлоо болуу мүмкүнчүлүгү бир топ жогору. Себеби убакыт өткөн сайын Кыргызстанда абал  оорлойт. Социалдык абал курчуп, мамлекеттин бюджетинде орчундуу  маселе жаралат. Андай учурда президент сунуштаган адамды колдоо мүмкүнчүлүгү аябагандай төмөн болуп калат. Ошон үчүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

– Путиндин оң колу менен Бабановдун жолугушканы кийинки президент Бабанов болот  деген коңгуроону кагып жаткан жокпу?

– Менин жеке пикиримде, кийинки президенттин ким болорун Атамбаев же эл чечпейт. Себеби Атамбаевдин моралдык, саясый мүмкүнчүлүктөрү бүгүнкү күндө кескин азайып баратат. Бирок мындай мүмкүнчүлүк Кремлде кала берет. Эмки президент ким болорун Кремль аныктайт.  Кыргыз эли шайлоого катышып добуш беребиз деп тапырап чуркаганы менен Кремль каалаган адам президент болот. Кремль жактырган  саясатчыны мамлекеттик башкаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түшүнүгү бар же жок экени маселе чечпейт. Басма сөз каражаттарынан жасалма мактаган материалдарды жарыялатып  каражат бөлүп беришет. Жыйынтыгында талапка жооп бербесе дагы президенттик такка отуруп калат.

– Өмүрбек Текебаевде президент болуу мүмкүнчүлүгү барбы? Эгер президенттик такты каалабаса Алмазбек Атамбаев менен  мынчалык чабышпайт эле да…

– Эми генерал болом дебеген солдат солдат эмес экенин баарыбыз билебиз. Ар бир саясатчы мүмкүнчүлүк болсо президент, премьер-министр болгусу келет. Менин оюмча, бул нормалдуу эле көрүнүш. Себеби узак мөөнөттө жүргөн саясатчылардын баарынын амбициясы, келечекке койгон чоң максаттары бар. Ошондой эле бардык эле саясатчылар президент болууну каалашат. Бирок жогоруда айткандай, кыргыз саясатчылары маанилүү кызматтарды аркалоону канчалык каалашса да акыркы беш жылдан бери ал кызматтын баарын кыргыз бийлиги эмес, Россия чечип калган.

– Акыркы мезгилде президенттин саламаттыгы тууралуу түрдүү божомол кептер айтылып жатат. Президент саясатчылар ушундай кадамдарды колдонушу мүмкүнбү?

– Эми биздин саясатта мындай жолдорду колдонуу жеңил. Массалык маалымат каражаттарына калп, жасалма маалыматты берип коюп, ошол аркылуу коомду алдоо аябагандай жеңил. Ошондуктан чын эле ооруп калды же ооруган жок деп так айтыш кыйын. Бирок бир нерсени так билем, кыргыз бийлигин кыргыз президентин Батыш мамлекеттери, БУУнун, Американын жетекчилери Кремль койгон президент катарында гана баалашат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен сүйлөшүүдө эч кандай жыйынтык чыкпасын дагы билишет.

– Убактылуу өкмөттө компроматтар согушу иттин өлүгү кайда катылганын көрсөтөбү же тирешти жандантабы?

– Кыргызстан Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып акыркы 25 жылдын ичинде мамлекетибизде бири-бирине каршы туруп, атаандаша ала турган саясатчылар пайда болуп калды. Президент кандай келсе ошондой кетип каларын да жакшы билип калдык. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга караганда президенттен коркпогон, президент менен тең ата  сүйлөшө алган, катачылыгын бетине айткан  саясый күчтөр, саясатчылар пайда боло баштады. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн ичиндеги маселени саясый атаандаштык маселеси деп түшүнөм. Бул жакшы нерсе. Айтайын дегеним, мамлекетте бири-биринен коркпогон, биринин туура эмес иштерин көтөрүп чыга турган саясатчылар болсо, ал Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүбү же башка саясатчылар болобу мамлекет үчүн жакшы нерсе болуп эсептелет.

– Равшан мырза, Конституция өзгөрөт дегенден бери бийлик тарап референдум өткөрүүнүн айласын кылса, оппозиция референдум өткөргөнгө тоскоолдук жаратууга, Конституцияны алмаштырбоого болгон аракетин жумшап жатышат. Депутаттар референдум мыйзамын жактырышты. Силердин ишиңерден майнап чыкпай калбайбы?

– Авторитардык маселени бир гана адам чечкен мамлекетте мамлекет башчыларынын  идеялары жакшы, жаман экенине карабай  ага каршы туруу аябагандай кыйынчылык жаратат. Себеби авторитардык мамлекетте көпчүлүк саясатчылар, массалык маалымат каражаттары, мамлекеттеги бардык органдар жана  элдин көпчүлүгү ошол мамлекеттик бийликтин гана айтканын колдой берет. Ошон үчүн бийликке каршы пикир айткан адамдардын оюн ишке ашырмак турсун эсепке да алышпайт. Мындай учурда мамлекеттин абалы күндөн-күнгө оорлой берет. Ушул процесс Кыргызстанда жүрүп жатат. Биздин бийлик күчкө салып,  мыйзамсыз болсо дагы  тогузунчу жолу Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизип, өз каалагандарын жасоого бел байлап Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгон улутчул, мекенчил күчтөрдүн пикири менен эсептешпей жатат.

– Референдумга каршы кол топтоо кыймылы түзүлгөнү менен жер-жерлерди кыдырып кол топтоого  каражаты жок.    Булар Бишкекте отуруп алып пресс-конференция бергенден башка иш деле кылып кыйратышпайт  дегендер бар, буга кандай жооп кайтарасыз?

– Оппозициялык маанайдагы саясатчылардын чынында эле каражаты аз. Анткени биз бийликтегилерге окшоп акыркы убактарда каржы ресурстарды, Бакиевдин мүлкүн басып алган жокпуз. Ошондуктан каржыбыз чектелүү. Региондорду кыдырууга мүмкүнчүлүгүбүз азыраак. Региондорду кыдырбаганыбыздын дагы бир маанилүү себеби биз кайда барбайлы бийлик уюшулган бандит түрүндөгү спорт менен машыккан жигиттерди жана обончу аялдарды коё берип бизди айдакташат.  Ошондуктан биз бүгүнкү күндө Бишкекте эле иштеп жатабыз. Колубуздан келишинче  Атамбаевдин референдум өткөрөм, Конституцияны өзгөртөм дегенине каршы туруп Кыргызстандагы олигархиялык парламенттин тарашы керек деген кол топтоо процессин уюштуруп жатабыз.

– Эмне үчүн парламентти таркатуу маселесине басым жасап жатасыңар?

– Анткени олигархиялык парламент  бийликтин мыйзамсыз иштерин ишке ашышына шарт түзүп каалаганын жасатып жатат. Ошон үчүн  олигархиялык парламенттин кыргыз элине жана  мамлекетине кереги жок деген ой менен алардын тарашын талап кылып жатабыз.

– Бир мезгилде “Ата Мекен” партиясы менен депутат болгонсуз. Лидери менен тил табыша албай фракциядан чыгып эркин депутатка айлангансыз, бирок жакындан бери Текебаев экөөңөрдүн  айрым маселеде оюңар бир жерден чыгып калып жатканын байкап жатабыз го…

– Текебаев катачылыгын түшүнүп оппозиция болгону саясаттагы өзгөрүүлөрдөн улам саясый көз карашыбыз бири-бирибизге туура келип, пикирлеш болуп калдык. Чогуу иштешип жатабыз. Мамилебиз жалпысынан дурус. Чогуу күрөшүүгө бел байлап жатабыз. Ошон үчүн бул жерде эч кандай саясат жок.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: