Menu

Атамбаев убактылуу президент Роза Отунбаеваны “эл шайлаган президент эмес” дегенден бери азыркы бийликтин легимтимдүүлүгү шек жаратты

Бөлүшүү:

Ушул суроо ажобуздун 31-август күнү сүйлөгөн сөзүнөн кийин көп жерде айтылып, жооп айта турган адам табылбай келет. Ажо убактылуу президент Роза Отунбаеваны “эл шайлаган президент эмес” дегенден бери азыркы бийликтин легимтимдүүлүгү шек жаратты. Ушул маселени бийлик бутагынан кимдир бирөө көтөрүп чыга алабы?деп күткөндөр болду эле, кечээ “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев “Бийликтин баардык бутактары, биз дагы легитимдүүбүзбү? Президенттин 31-август күнү сүйлөгөн сөзүнөн кийин менде шек жаралып жатат. Мага кагаз түрүндө жооп берип койсоңор” деди. Отунбаева легимтимсиз президент болгон соң ал кол койгон мыйзам, Указдарынын баары мыйзамсыз болуп саналат эмеспи. 2010-жылы болгон парламенттик шайлоону да Роза Отунбаева дайындап, мыйзамга кол койгон. Отунбаеваны мыйзамсыз президент деген соң, ошол кездеги шайлоону да мыйзамсыз деп табыш керек болот го. Атамбаевдин президент болуп олтурганын да мыйзамсыз деп табыш керек. Ал дагы Отунбаева дайындаган шайлоодон кийин тактыга келген. Президенттикти Отунбаеванын колунан өткөрүп алган эмес беле. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү канчалык дегенде мыйзамдуу деп бүгүнкүнү эле талашып олтура бербей, мындан алты жыл мурун башталган башкатырмага юридикалык баа берүү учур талабы болуп жүрбөсүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: