Menu

Фото – Жалал-Абад шаарында Карылардын эл аралык күнүнө карата карыларга сый-урмат көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги Карылардын эл аралык күнүнө карата шаардагы “Салкын” эс алуу жайында 124 карыяга майрамдык сый тамак берип, концерттик программа уюштуруу менен аларга сый-урмат көрсөттү.

Шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоковдун айтымында,шаар бийликтери улгайган адамдардын жашоо шартын, алардын кушубак маанайын жогорулатуу үчүн ар кандай аракеттерди көрүп келатышат.

-Шаардагы 70-90 жаштагы жалпы эки жүз  адам бул сый-тамакка чакырылган болсо, бүгүн алардын 124ү катышып отурат. Ал эми улгайып, үйүнөн чыга албай калган 76 карыяга кечээ шаардык бийликтин бир катар өкүлдөрү алардын үйлөрүнө барып,аларга арналган белектерин берип куттуктап келишкен. Жалпысынан бул иш-чараларды өткөрүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом акча каражаты каралган дейт,- ал.

Ал эми майрамдык сый-тамакка катышкан шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиевдин  айтымында,Жалал-Абад шаарында учурда сегиз миң улгайган адамдар болсо, алардын арасынан 70 жаштан 90 жашка чейинки улгайган карыяларды бүгүнкү майрамга келип отурушат.

Шаардын аксакал карыялары ушундай камкордук көрүп, көңүл улаган шаар бийликтерине ыраазылык билдирп, ак баталарын беришти.

Эске салсак, Жалал-Абад шардык мэриясы тарабынан улгайган адамдарга көңүл буруу максатында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык акция жүрүүдө.

zha-karylar-kunu1

zha-karylar-kunu2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: