Menu

Инфарктка кабылды – инвалид болду деген өкүм эмес

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жүрөк оорусунан бир жылда 18 миң киши көз жумат. Алардын 70%ы айыккан оорулардан кайтыш болушат. Эгерде даарыгерге убагында кайрылганда, 12 600 бейтаптын өмүрүн сактап калса болмок дейт адистер. Бишкекте өлкө боюнча алтын стандарт менен инфаркт илдетине кабылгандарды айыктырган“Бикард” клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмоновду маекке тарттык. Кыргызстандагы эң алдыңкы кардиологдордун бири, инфарктын себептеринен баштап, айыктыруу процессине чейинки жолдорун түшүндүрүп берди.

Инфаркттын себептери

Жөнөкөй адам алдын-ала, инфарктка кабылганын биле албайт. Дүйнө жүзүндө да, инфакты 100% аныктап берген ыкма жок. Бирок кээ бир анализдерди жүргүзүп, тесттерди жасап, божомолдуу түрдө жүрөк оорусун билсек болот. Инфаркт бул курч нерсе. Ал катуу эмоционалдык жана физикалык стресс болгондо, кан басым өтө жогорулаганда, тамеки чеккенде, алкоголдук ичимдиктерди кабыл алганда пайда болушу мүмкүн.

Инфарктын негизги белгилери

Инфарктта эң маанилүү бул сааттар. Ооруканага канчалык эрте кайрылса, ошончолук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бейтап биринчи талмадан 12 саат мурда келгени жакшы. Талманын белгилери  ар кандай. Эң биринчи көкүрөктүн сол жагында, алакандай аймакта катуу оору болот. Бирөө басып, кысып же таш байлап койгондой болушу мүмкүн. Оору көкүрөктөн баштап сол колго чейин жайылышы мүмкүн.  Кант диабети менен ооругандарда, аба жетпей аткандай оору пайда болот. Мында, жүрөктүн инфаркт болгон бөлүгү, канды иштете албай калат да, кан өпкөдө туруп калып, ошого ынтыгуу жаралат. Кээ бир убакыттарда аритмия менен коштолосо, жүрөк чукул токтоп калышы мүмкүн. Эгерде жүрөгү ооруганын билип жүргөндөр болсо, аларга диагноз коюу оңойурак. Эгерде бейтап, көкүрөгүн кармабай туруп эле, дароо эс-учун жоготсо, инсульт деп ойлошу мүмкүн. Кээде алкоголдук ичимдиктерден кийинки белгилер деп түшүнүшү мүмкүн. Айрым учурда, ичи ооруп, жүрөктүн оорусу таптаккыр байкалбай калышы да мүмкүн. Дагы башка белгиси, адам муздак тердейт. Өнү купкуу болуп, агарып кетет. Тамырлар кысылып, кан жакшы айланбай, адреналин көп бөлүнүп чыгат.

Биринчи жардам

Кадимки шартта инфаркты аныктоо мүмкүн эмес болгону үчүн биринчи жардам көрсөтүү кыйын. Эң маанилүүсү, бейтаптын абалына карап, тез жардам чакыруу. Эгерде буга чейин жүрөгү ооруп жүргөн болсо, даарыларын ичирүү керек. Бирок, билбей туруп эле, өзүнүн даарысын башка бирөөгө берген, бул туура эмес. Бейтаптын абалы тескерисинче начарлап кетиши мүмкүн. Инфарктын белгилери байкалган учурда, жакынкы поликлиникага барып ЭКГ тарттырса туура болот. Эгерде оору катуу болсо, кан басымы дароо түшүп кетсе, аба-жетпей жатса тез жардам чакыруу керек. Рульда талма кармаса, ооруканага чейин башка бирөө жеткиргени оң. Анткени бул эң биринчи өзүңүздүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн маанилүү.

Ооруканада көрсөтүлүүчү жардам

Ооруканага келгенде эң биринчи бейтаптын абалына байкоо жүргүзөбүз. Эгерде эс-учу жайында болсо, оорулуунун даттанууларын сурайбыз. Сурап жаткан учурда эле, кан басымын өлчөп, жүрөктүн кагышын өлгөйбүз, жаткырып электрокардиография (ЭКГ) жасайбыз. ЭКГ инфарктын белгилерин эң арзан диагностика кылган метод болуп саналат. Эгерде st сигменттерде элевация бар болсо, коронарографияга алып барабыз дагы тамырларды ачканга аракеттенебиз. Эгерде элевациясыз болсо, анда себептерин издейбиз. Тамырдын тыгылганына, кандын азайышына же токсикалык бир нерсеге байланыштуу болушу мүмкүн, мында экинчилик себебин издейбиз.

Инфаркты айыктыруу

Инфарктка кабылган бейтаптарды айыктыруу үчүн жалпысынан 3 миң доллар керектелет. Мамлекеттик жана жеке менчик поликлиникалардын баасы бирдей эле. Жогоруда айтып өткөндөй инфаркттын белгилери байкалып, ооруканага канчалык эрте кайрылса, ошончолук калыбына келүүсү тез болот. Эгер, инфарктын алгачкы үч саатында кайрылса, коронарография жасап, тыгылган тамырды ачсак толугу менен айыгып кете алат. Мында оорулууну үч күндөн кийин үйүнө чыгарабыз. Убагында кайрылбай калса, инвалид болуп калат деп так айта албайбыз. Ал инфарктын көлөмүнө жараша болот. Балким, кийин жүрөктүн алсыздыгы болуп, дем алууда кыйналышы мүмкүн.

Инфаркты дарылоодогу алтын стандарт

Дүйнө жүзү боюнча инфаркты даарылоодогу алтын стандарт бул – коронарография жасап туруп, бүтөлүп аткан же туюлган тамыр бар болсо, аны механикалык жол менен ачуу. Механикалык дегенде балон же стенд менен. Кээ бир учурларда узун тамырлар кысылат, мында операция кылууга тууга туура келет. Операция дегенде аортокоронарное шунтирование жасалат.

Инфарктка кабылгандардын жаш курагы

Кыргызстанда инфаркт менен 50 жаштан 70 жашка чейинкилер ооруканага көп кайрылышат. Жетимиштен жогору болгондор азыраак кездешет. Анткени, картайып калды деп эле, туугандары маани бербейт, же өзү кайрылгысы келбейт. Эң бакшы себеби, акча жагына такалат деп ойлойм. Баардык бейтаптарда медициналык камсыздандыруу болгондо, жаш курагына карабай кайрылышмак. Байкашымча Кыргызстанда, жашы өтүп калды, жакшы эле жашады деген түшүнүк калыптанып калган экен. Инфарктка картайган сайын кабыл болуу коркунучу чоң. Элүү жашка чейинкилер, биз жашпыз деп көп маани беришпейт. Саламаттыгын убагында тешкеришпейт.

Инфаркты алдын алуу

Эң биринчи туура тамактануу, тамеки чекпөө, стресс болбоо, ашыкча салмактан арылуу. Бул нерселер, инфаркт болуу коркунучун азайта алышат. Кант диабети , гепертониясы бар адамдар, убагында даарыланып турушу керек. Куурулган, көп майлуу, өтө туздуу тамактарды колдонууну азайтса да коркунуч азайат. Кырк-элүү жаш үстүндөгүлөр кардиологго бир көрүнүп, ЭКГ, ЭХО кардиограмма кылып, эгерде баары жакшы болсо, чуркоочу дорожкада тредмил тестти жасап текшерилсе, инфаркт болуу коркунучунун 70%ын алдын-ала билип койсо болот. Бирок, жаш өткөн сайын пайда болгон коркунучтарды жана гинетикалык тукум кууган ооруларды алдын ала албайбыз.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: