Menu

Бүгүн Алмаз Атамбаев дарылануудан кийин Москвадан Бишкекке кайтып келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-октябрда Алмаз Атамбаев дарылануудан кийин Москвадан Бишкекке кайтып келди.

Алмаз Атамбаев буга чейин Америкага учуп баратып, жүрөгү кармап, Стамбулда самолеттон түшүрүп калышкан. Эмнегедир Түркиянын ооруканалары кабыл албай койгондуктан кымбат баалуу мейманканага жайгашууга аргасыз болгон. Бир аз тыңып калгандан кийин Москвага учуп, Россия Федерациясынын Президентинин Москва шаарындагы Иш башкармасынын Борбордук клиникалык ооруканасында жайгашып дарыланган.

Дарылануу учурун расмий түрдө эмгек эргүүсү деп жарыялаганына карабай Алмаз Атамбаевди Москвадан алып келүү үчүн атайын президенттик самолет жөнөтүлгөн.  Бишкек-Москва-Бишкек каттамы боюнча Атамбаев учкан “ТУ-154” учагы бюджеттен 4-5 миллион сомду бир эле жолу мойсоп коёт. Дүйнөлүк практикада мындай учурларда президенттер рейстеги учактардын бизнес классында эле келишет. Алыска барбай эле Роза Отунбаеваны мисалга алсак, бир нече жолу иш сапарларына да рейстеги учактар менен эле барып келген. Монголиянын президенти азыр да тез-тез рейстеги учактар менен учкандыгы жарыяланууда. Монголия бизге караганда бай өлкө. Европанын көп президенттерин мисал келтирүүгө болот.

Бүгүн Москвадан келери менен Алмаз Атамбаев биринчи жолу Кипр (грек тарабын) республикасын көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Ал эми Түркия болсо Кипр(грек тарабын) республикасын мамлекет катары тааныбайт жана көп жылдардан бери жаңжалдашып келет.

Эксперттер дароо бул Алмаз Атамбаевдин Түркияда ооруканаларга кабыл албай коюшканына өч алуу аракети катары баалашты. Анткени мурун түрктөр менен катуу дос болуп жүргөн Атамбаев түрктөр орустардын МИГ самолетун атып түшүргөндөн кийин орус тарапка жан тартып билдирүү жасаган. Кийин Эрдоган менен Гүлендин тирешүүсүндө да түшүнүксүз позицияны кармангандыктан 19-сентябрда Стамбулга ооруп келген Атамбаевди Түркиянын бийлиги бир да оорукана кабыл алынбасын деп тымызын буйрук бергени айтылган. Алтургай мамлекеттик расмий бийликтерге жакын “Хаберлер” маалымат агенттиги эс учун жоготкон Атамбаевдин сүрөтүн тартып алып дүйнөгө жайып жиберген.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: