Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чыгарды. Чечимге ылайык, Москва көчөсүнүн 191-үйүндө жайгашкан 3 бөлмөлүү 8 батир Бишкек мэриясынын менчигине карап калды.
Эскерте кетсек ушул жылдын жазында Нариман Түлеев эркиндике чыккан. Күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө үчүн берилген 11 жылдын ордуна, Түлеевдин туугандары үй мүлкүн конфискациялоого макул болушкан.
Ошондо мамлекетке келтирилген 60 млн сомдон ашык каражат кайтарылышы керек болгон. Зыяндын бир бөлүгү буга чейин казынага накталай төгүлгөн. Ал эми экинчи бөлүгү катары жалпы суммасы 48 млн сомдон ашык сумманы түзгөн батирлер кайтарылды. Эми мэрия бул кымбат баалуу батирлерди кызматтык үй катары пайдаланат. Аны менчиктештирип алууга уруксат жок.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ