Menu

Жаркынбек Касымбеков, Бишкек шаардык тез жардам кызматынын мурдагы жетекчиси: Турдукуловдун тыңчы экенин укук коргоо органдарына далилдеп берүүгө даярмын…

Бөлүшүү:

 

-Жаркынбек мырза, аз күн мурун жарандык активист Адил Турдукуловдун мамлекеттик  сырды ачыкка чыгарып, чет өлкөлөргө жарыялаган  тыңчы экендигин айтып чыктыңыз. Сиздин айткандарыңызга ишенсек болобу?

-Албетте чын. Чын болгону үчүн айтып чыктым.  Мамлекеттин, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратчу маселе болуп жаткандан кийин айтпай жашырып жүрүп алсам болчудай эмес. Ошол себептен жарандык, атуулдук милдетимди аткарып, айтчу нерсени убагында айтайын дедим. Адилдин тыңчы экенин мен төрт жыл мурун эле билгем. Ал мага тыңчы экенин өзү айтып алган. Мен башында ишенген деле эмесмин. Байкабай ачууга алдырып айтып алды го деп ойлогом. Төрт жылдан бери Адилдин жасаган иштерине, жүргөн жүрүмүнө маани берип кылдат карап көрсөм, ал чын эле тыңчы экен. Мен чынын айтсам Адилди каматып же жок кылып жиберейин деген деле оюм жок. Болгону анын эмне менен алектенип, эмне иш кылаарын эл, коомчулук билсин дедим. Анын үстүнө жашым кырктан ашты. Кырктан ашкандан кийин адам тазаланып, алдыны-артты карап ойлонуп калат экен. Таза жашоого умтулат экенсиң. Мындан ары таза жашайын, ичимде жаман нерсе болбосун деген ой менен айтылбай жүргөн купуя сырды элге жарыяладым десем болот. Эми укук коргоо органдары Адилге кандай чара көрүшөт билбейм. Эгер чара көрүп суракка алышса, мен айткандарымды  далилдеп берүүгө даярмын.

– Адилдин тыңчы экенин далилдөөчү далилдериңиз барбы?

-Албетте бар. Фактылар бар. Далилдеп бере алам.  Укук коргоо органдары чакырып сураса айтып берем. Муну укук коргоо органдары жөн койбошу керек. Бул деген чоң кылмыш. Мамлекетке чыккынчылык жаратып жаткан ишти көз жаздымда калтырган болбойт.

-Көбүнчө кайсы мамлекеттерге жашыруун сырды ачып иш алып барып жүрөт?

-Мен аны айтпайм. Эгер айтсам,  мамлекеттер ортосундагы мамилеге залакасы тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан бул нерсени маалымат каражаттарына жарыя кылып айтуу негизсиз.

-Адил Турдукулов экөөңүздөр бири-бириңиздерди жакшы эле билсеңиздер керек, анткени Бакиевдин убагында жарандык активист катары бирге иш алып барып жүрчү элеңиздер…

-Ооба, 2005-жылдан 2007-жылга чейин бирге жүргөнбүз. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Эгер мен  сыртынан таанып, жакшы билбей айтсам жарашпай калмак. Мен анын кулк-мүнөзүн, иштөө методдорун, ой жүгүтүүсүн, айтор Адилдин ким экенин жакшы билем. Анын үстүнө күйөө балам болчу. Менин бир тууган карындашыма үйлөнгөн. Азыр экөө эки жолго түшкөн. Эки жыл мурун үй-бүлөлүк келишпестиктен улам ажырашып кетишкен.

-Карындашыңыз менен канча жыл бирге жашады?

-2007-жылдан 2014-жылга чейин бирге жашашты.

-Ал  сизди тез жардам кызматын жетектеп турганда мыйзамсыз иш кылып мамлекетке зыян келтирген деп жатпайбы, буга кандай жооп айтасыз?

-Туура, ал мени жегич, коррупционер деп жатат. Адилге мен эмес, Кыргызстандагы чиновниктердин баары коррупционер. Анын ою боюнча бир да таза киши  жок. Адил адамча түтүн булатып, эртең менен туруп жумушка барып иш кылган киши эмес. Кайда, кайсы иште болбосун тийип-качып оңдуу иштебейт. Баштаган ишинин аягына чыгаруу дегенди билбейт. Оңой-олтоң акча табуунун жолун гана издеп турат. Кимдир бирөөнү коркутуп, алдап акча табууну жакшы өздөштүргөн. Мисалы бир чиновникке барат дагы, анын жаман жагын элге жарыялайм деп опузалап акча  алат. Мен Адилге күйөө балам катары бир эмес, көп эле жолу айттым. Кой, бул кылганың туура эмес, ак иште, таза иштесең боло дечүмүн. Бирок менин айтканымды кулак сыртынан кетирип, жогоруда айткандай гана иштер менен алектенчү. Ал эми мени коррупционер, камаш керек дегени боюнча айтсам, жогоруда сөз кылгандай  мени эле эмес, элдин баарын эле ошентип камаш керек деп жүрөт. Амалдуулук кылып камаш керек, ичти-жеди деген сындарын өзүнүн социалдык блогунан башка эч жерге жазбайт. Андай кыйын болсо, айткандары далилдүү, чын болсо социалдык жеке баракчасына жазгандай кылып теле-радиого же гезит беттерине интервью берип, маалымат жыйынын өткөрүп айтып чыкпайбы. Социалдык баракчасына жазып эле баатыр боло бербей. Бир нерсе десең, “Мен социалдык барагыма эмнени жазышты өзүм билем, оюмду жазганга укуктуумун” – деп жооп берет. Ал айтып жаткан тендер деген гуманитардык долбоор болгон. Мен кайра-кайра Жапон элчилигине кирип, Жапонияга  барып жатып каражат алып келгем. Милициялар, өрт өчүргүчтөр  форма кийсе болот, тез жардамдагы кызматкерлер  форма кийсе эмнеге болбосун деп ал жактан  алып келген гранттык каражатка формалар алынган. Мага чейин бир да жетекчи кызматкерлердин формасын толук жаңырткан эмес экен. Бир жарым жылга жакын иштедим. Ошол аралыкта мекемеге чет өлкөдөн 85 миллион сомдон ашык инвестиция алып келдим.  Мен тез жардам кызматынан эч нерсе алган жокмун. Тескерисинче мекемени байытып, берчүмдү  берип кеттим.

-Сиздердин чырга үй-бүлөлүк маселе себеп болгон эмеспи?

-Менин да жубайым бар. Адил менен карындашымдын ортосундагы мамилеге, экөөнүн отунун күйүшпөй калышына эч аралашкан эмесмин. Ал тууралуу бир нерсе деп айткым дагы келбейт.

Булак: Фабула 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: