Menu

Фабула: Күлкү кана

Бөлүшүү:

Үч мас киши такси токтотуп отурушуптур,
Таксист азилдешип жайынан жылдырбай от алдырып беш минутча туруп:
-Келдик, түшкүлө – десе
Бири рахмат айтып түшүп кетиптир, экинчиси акчасын төлөп түшүп кетиптир.
Үчүнчүсү таксистин башына бир коюптур.
Таксист муну сезип калды окшойт деп ойлоп турса, тиги:
– Ушунча кишинин өмүрүнө жоопкер экениңди билесиңби?
Экинчи мындай катуу ылдамдыкта айдабай жүр, деп түшүп кетиптир.

Коррупционер чиновниктин уулу  үйүнө ыйлап келет экен, адеп сабагынан эки алдым деп.

Атасы баласына адепти үйрөнүп алсаң болот эле го, кел мен сага адепти үйрөтөйүн дейт экен.
-Мисалы, көчөдө бара жатасың, алдыңдагы адам акчасын түшүрүп байкабай кетип жатат.
Мынаке, адеп деген ушул жерде башталат!
Сен ал акчаны алдың, аны сен өзүң эле пайдаланышың керекпи же бир досуң менен бөлүшүшүң керекпи деген экен атасы.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев аялын текшерип көрөйүн деп

“мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен” деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
“мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм” деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
“Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет тиги өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
– Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУҢ КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!

Азраил (жан алгыч периште) бир депутатка келип, сенин дүйнөдөгү убактын бүттү, жаныңды алганы келдим дейт.

Депутат жалдырап жалбарып мага беш жыл дагы убакыт бер дейт. Азраил макул болуп кетет.
Депутат депутаттык мөөнөтү бүтүп, учкуч болуп иштей баштайт. Арадан беш жыл өтүп, адам асманда самолетто бара жатканда азраил келет.
– Сенин убактын бүттү, жаныңды алам!
– Жок, бул жерде менден башка 120 жүргүнчү бар, алар эмне болот дейт депутат учкуч.
Азраил,
– Силердин баарыңарды бир самолетко араңдан чогулттум, чогултам деп кандай кыйналганымды бир билсең!

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: