Menu

Эл ырчылары элдешеби?

Бөлүшүү:

Жакында эле КРнын эл артисти Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы сөзү Дүйшөнбек Чомоевге, обону Рамис Алиевге таандык “Сахна” аттуу ыры жарыкка чыгып, көпчүлүктүн кулагына сиңип калган. Көп өтпөй аталган ырды КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева айым аткарып чыкты. Коомчулук бир ырды эки ырчы ырдап чыкканына деле маани бербесе керек. Болгону эки ырчынын элге сиңген эмгегине, талбаган талантына ыраазы болуп келишкен.

Бирок тынч жаткан шоу дүйнөнү дүңгүрөтүп Гүлнур Сатылганова  Фейсбук социалдык баракчасына “Ардактуу достор жана менин күйөрмандарым! Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда жана радиолордо “Сахна” деген жаңы ырды менин аткаруумда угуп жатасыздар, ошондой эле Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусунда дагы бул ыр жаңырып жатат. Ошондон улам мен сиздерге жагдайды түшүндүрүү үчүн бул постту жазып жатам. 2016-жылдын февраль айында сөзүн жазган автор Чомоев Дүйшөнбек менен жолугушуп бул ырдын сөзүн жаздыргам. Анан бул сөздөргө Рамис Алиевге обон жаздырып, авторлор менен келишим түзүлгөн. Ошентип жарым жылдан бери бул ырдын үстүндө иштеп жаттык. Менин айтайын дегеним, мен үчүн жазылган бул ырды Айчүрөк Иманалиева авторлордун уруксатысыз ырдап алганы авторлордун да, менин да кыжырымды келтирип жатат. Себеби ырчылык бул менин кесибим. Андыктан ырларыма жасаган жоопкерчиликтүү мамилем, ага короткон убакытым, каражатым мен үчүн кымбат турарын далилдейт. Ошондуктан бул жагдайга көз жумуп кое албадым. Негизи биздин чөйрөдө ушундай учурлар көп эле болот. Мисалы, бир ырчынын ырдаган ырын башка ырчы уруксатсыз ырдап алган ырчылардын адепсиздик, адамгерчиликсиз мамилесин туура эмес деп ойлойм” – деген оюн билдирген.

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчыларынан мындайды күтпөгөн эл дароо сынга алып, өз ойлорун билдиришти. Бул ырдын талашын коомчулук эки жумадан бери интернеттеги социалдык баракчаларда тынбай талкууга алып, кээ бир массалык маалымат каражаттарына да жарыялангандан улам Айчүрөк Иманалиева: Бул нерсени өз ара эле чечишип алсак болмок. Гүлнурдун кичинекей кыздарга окшоп гезиттерге чуркап, социалдык баракчаларга жазганы ашыкча деп ойлойм. Муну ыр деп коет. Ырды каалаган киши ырдай берет. Бул жерде сырдын деле кереги жок. Азыр акча сүйлөп калбадыбы. Болгону Гүлнур даяр оокатты акчасы менен келип жулуп кетти. Ал мага караганда көбүрөөк акча сунуштап 400 доллар төлөдү. Эгер жаман ырдасам көңүл да бурмак эмес. Демек мен мыкты ырдагам. Чыгарманы автор Рамис Алиевден алгам. Ал мага башка ыр жазып бермек. Акчасы да алдын ала берилген. Бирок ал чыгарма мага жакпай калып, 2 айдан кийин ушул “Сахна” деген ырды жазып берген. Буга жарым жыл болуп калды. Гүлнур “Ал ыр мага жазылган, мен буйрутма бергем” деп калп айтып жатат. Тескерисинче музыкасын мен бүтүрүп, Рамис акчасын алып койгону үчүн эле сатып жиберди. Албетте, ал азыр мен Гүлнурга жаздым деп айтат. Гүлнурга жазса, анда 5 күн отуруп жазган ырдын тексти менен минусун мага карматпай эле койбойт беле? Мейли ырдаса ырдай берсин, мен башка ырды ырдайм. Бир ыр менен чектелип жашаган туура эмес. Менин эч каршылыгым жок. “Радиолордон алып сал” десе алып салам, “ырдаба” десе ырдабайм. Бир ыр менен өмүр бүтпөйт. Жаштардын алдында ыр менен жаман көрүнгүм келбейт – деген пикирин гезиттердин бирине айтып чыкты.

Ал эми эки ырчынын талашы ана бүтөт мына бүтөт деп үн катпай отурган кесиптештери Бек Борбиев, Гүлнара Кахарова, Элмара Турсуналиева жана башка ырчылар социалдык баракчаларына акыл-насааттарын айтып, сыбырдуулукка чакырышты.

Бек БОРБИЕВ, КРнын эмгек сиңирген артисти:

– Сахналаштар, бири-бирибизге аяр мамиле кылууну унутпайлы. Артта 5-6 жыл болсо да мейли, 30 жылдай бир сахнада болгон кездер жатат. Буйруса дагы келечекте бир болобуз. Бул посту жазбайын дедим эле, бирок чатак автордун айланасында жүрүп жаткан соң , автор катары өз оюмду билдирип кетейин дедим. Биз көп жылдардан бери капиталисттик шоу – бизнесте иштеп жүрөбүз. Илгеркидей ырларды ийгиликтүү авторлор тартуу кылып белекке бербей калган. Жакшы ырлар сатылат, 500$ дан 1000$га чейин. Ким автордун калем акысын берип ырды алса, ошол ырчы гана ырдаш керек, ачуу чындык ушундай. Газетада журналисттер 4000$ деп адашып жазып жибергенби же атайылап жазганбы билбейм, бирок андай баа бизде жок, бул жерде 400$ жөнүндө сөз болуп жатат. Мен алган маалымат боюнча Гүлнур калем акысын авторго берип ырды алган, анан албетте ырдады. Бул жерден Айчүрөк досумду да капа кылгым келбейт, антсе да бардык сахналаштарга айтаарым, авторлордун эмгегин сыйлап, баалап жүрө турган кезге келдик. Андыктан жакшы ырлар кыргызда көп, дагы чыгат, бир ырдан бийик болуп, дагы миң ыр ырдагыла. Чыгармачылык жеңиш, достук каалайм экөөңөргө.

ЭЛМАРА ТУРСУНАЛИЕВА, ди-джей, алып баруучу:

– Аткаруучулар арасында бирөөнүн ырыстуурак ырын баса калып ырдап салмай адат бар. Бул эми эски элдик чыгармаларга тиешелүү болчу. Сурабай, астынан өтүп уруксат албай ырдоо адепсиздик, уятсыздык, сыйлабастык. Бул мезгилге чейин Гүлнур Сатылганова чыгармачылыгына кандай дыкат кылдат мамиле жасаарын жалпы чыгармачыл чөйрө абдан жакшы билет. Ийине жеткирмейинче бир ырды жылдап иштеши мүмкүн. Эң башкысы Айчүрөк Иманалиева бу жагдайда Гүлнур Сатылганованын ысымын уккан соң, кой бир ооз тактап коеюн деп алдынан өтүш керек эле. Кесиптеш, замандаш катары, бул чөйрөгө кечээ келбеген адам болбогондон кийин бир телефон чалуу жетишмек. Эмне себептен андай кылган жок? А мага бул чыгарма Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда жакты. Себеби ал ырчы. Ыр да мыкты болгон. Гүлнур эже эмне мынча кыйынсыз?

Райкан АБДУВАЛИЕВА, ырчы:

Жашоо бир келет, жүрөк оорутпай өмүр сүрсөк. Кандай ырчы болбосун ар кимисинин өзүнүн угуучусу бар. Бул кыйын, тигил кыйын деген сөз сахнада айтылбайт. Акчанын күчү менен чыккандарды эл билет. Элден айланса болот. Биз элдин күзгүсү болобуз. Сабыр кылгыла алтындарым.

Гүлнара КАХАРОВА, ырчы:

– “Эл тараза эл сынчы”. Элден өткөн калыс жок. Ким ырды кандай түшүнүп, кандай элге жеткирет кеп эми ошондо. Эң негизгиси ыр экөөңө тең жарашыптыр.

Эркинбек РЫСКУЛБЕКОВ, алып баруучу:

– “А” дейбизби, “б” дейбизби, Гүлнур Сатылганова коомчулукка алып чыккан маселе эң туура болду деп эсептейм. Качандыр бир бизде дагы “интеллектуалдык менчик” жана “автордук укук ” деген түшүнүктөр тиешелүү даражада көтөрүлүш керек эле. “Койчу ушуга теңелбейм” деп жүрүп ушуга жеттик. Мүмкүн болсо, мыйзамга таянып бул ишти сотко жеткизиңиз. “Уят болот” жана башка аргументтерди токтотуп, мыйзамды сыйлап жашап баштайлы!

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: