Афганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн колонна бүгүн, 3-октябрда, Ош шаарынан жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Афганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам товар, азык-түлүк, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үй түрүндө уюштурулду.
Экспедициянын курамы 20 адамдан туруп, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов баштаган тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, мындан тышкары Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн медициналык кызматкерлер кирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн 10 млн сом бөлдү.
Бүгүнкү күндө Афганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ