Menu

КТРК эл толкушун каалап жатабы?

Бөлүшүү:

Коомдук теле-радио корпорациясы (КТРК) аталышы “коомдук” болгону менен, бийликтин ырын ырдап, президентке каршы сөз айткан адамдарды эл душманындай каралоону адатка айлантып алганын ким билбейт? Атамбаев-Текебаев тирешүүсүнөн улам да, КТРКдан бир жактуу, “Ата Мекендин” лидерин, айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн каралаган көрсөтүүлөр дамамат кайталанып жатканын ким байкабады?

Мурда го күнүнө жарым саат гана, “Ала Тоо” маалымат программасы аркылуу мындай бети жоктукка барышчу. Эми “Ала-Тоо – 24” дегени ачылгандан бери, оппозициялык ишмерлерди күнү-түнү шыбап турууга мүмкүнчүлүк алышты. Мына ушул жагдайдан улам парламенттик тийешелүү комитети КТРКнын ишмердүүлүгүн талкууга алды.

Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев Кадыржан Батыровдун эфирден улам-улам көрсөтүлүп атканын жактырган жок. “КТРК калыс, акыйкат болушу керек. Асан менен Үсөн тиреше кетсе, Асандын да, Үсөндүн да пикирин чагылдырууга милдеттүүсүздөр. Качып жүргөн Батыровду кайра-кайра көрсөтүп эмне кылабыз? От менен ойноп жаткандай болуп калдык. Текебаевди кимдир бирөө каралап максатыма жетем десе, Акаев менен Бакиев максатына жетмек. Эл деген бар. Чындык баары бир жеңет”, – деди ал.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер Нияз КТРКнын так ушундай бир жактуу маалыматтарды бергенинен улам “кара жащик” деген атка ээ болгонун эске салды. “Бир жактуу маалыматтардын кесепети оор болот. Эл толкундоолоруна да ошондой маалыматтар негиз болгон. Коомдук канал түптөйлү дегенбиз, бирок ал аракетибиз ишке ашпай келет. Коомдук канал, элдин каналы, Атамбаевдики, же Текебаевдики боло албайт. Бир адамдын жеке каналына айланып кала турган болсо, анда ал шорубуз”, – деп белгиледи Садык Шер Нияз.

Текебаев 60 жашында жеткен кымбат баадагы батирге жаш кызматкерлер эчак эле жайгашып калганын белгилеп, аларды айтпай, өзүнө “асылып” аткан  каналдын маалыматтарын жогорку жактын каралоо саясатына байланыштырды: “1995-жылдан бери үч бөлмө үйдө жашап келдим. Аны Бакиевдин убагында менчиктештирип алгам. Кийинчерээк жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн үч бөлмө батир алдым. 60ка чыгып калдым, ушул курагымда алынган 3 бөлмө үй кылмыш болуп калабы? Мен алган батир 120 чарчы метр, ошол эле үйдө президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Сапар Исаков 180 чарчы метрлүү батирде турат. Аны эмнеге айтышпайт? Маңдайымдагы батирде Атамбаевдин уулу төрт бөлмө батирде жашайт. Бул да айтылган жок. Маалыматты кетирерден мурда батир сатып алууга акчаны кайдан алдың деп менден сурашпайбы. Декларацияда баарын көрсөткөм, аялым жылына 3-4 миллион сомдой, мен миллион сомдой киреше табабыз. Жаңы алган үйдү сатып алганда акчасын эки жыл бөлүп төлөдүм, ремонт кылганга бир жыл убакыт кетти. Керек болсо Атамбаев менен Карыпбеков “чиновник деген ушундай болушу керек” деп мени үлгү катары көрсөтүшсө болот”.

Ал КТРКны жашыруун сакталган байлыктарын издетип убара кылбай эле ачык айтып берди. Айтымында, алгачкы үч бөлмө батири, андан кийин алган элиталык үйдөгү 3 бөлмө батири жана эки кабаттуу курулушу бүтө элек үйү бар. “Беш жылдан бери куруп атам. Дубалын көтөрүп, чатырын жаап алгам. Калганын дагы беш жылда бүткөрүп, 65 жашымдан баштап жер үйдө жашайм го деп турам. Сапар Исаковдун декларациясында өзү жылына 800 миң, аялы 53 миң сомдой пайда табат экен. Анда 180 чарчы метрлик үйдү кайсы акчасына алды? Кымбат баадагы унааны кайдан алып минип жүрөт? Эмнеге буларды көрсөтпөйсүңөр”, – деп “Ата Мекендин” лидери КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековго кайрылды.

Бул президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевге жаккан жок. Саясатчыны “комитет жыйынын өз кызыкчылыгында маселени чечүү үчүн пайдаланды” деп эсептеген өкүл, “жыйынды саясий арена катары пайдаланбай, колунда кандай маалыматтар болсо тийиштүү органдарга берсин”, – деген жообун айтты. Ошондой эле Абдылдаев: “Текебаевде Атамбаевге каршы дооматтары болсо, Атамбаевдин да Текебаевге карата дооматтары бар”, – деп жыландын башын чыгарып койду.

Ал эми Илим Карыпбеков Текебаевдин айыптоосуна ак да, көк да деген жок. Айтымында, Коомдук каналдын саясатчыга кара ниеттиги жок, болгону  каналдын эрежеси боюнча бир жаңылык кайра-кайра көрсөтүлө берет. “Мен журналисттердин материалдарын редакциялабайм. Ар кимдин жоокерчилиги өзүндө. Биздин журналисттер ар бир маалыматты ар тараптуу бергенге аракет жасашат. Саясий акыбал оорлоп, саясий топтордун тиреши башталган учурда кыйын. Жаңы ачылган каналда бир жаңылык кайра-кайра кайталанып көрсөтүлөт, аны өзүңүзгө албаңыз”,- деген жетекчи Текебаев тууралуу маалыматты эфирге кетирген журналисттер менен сүйлөшө турганын убадалады.

Андан кийин Текебаев журналисттер үчүн өз мүлктөрүнө пресс-тур уюштуруп, баарын ачык көрсөтүп берди. Көп сандаган жер участокторунун ээси Албек Ибраимов, андан “жер сатып алган” Алмаз Атамбаев да журналисттерди чакырып, көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Ошондо эл дагы ынанып калат беле…

Г.Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: