Menu

Мугалимдин аброюн көтөрүү – максатыбыз

Бөлүшүү:

“Мугалим мөмөлүү дарак” демекчи, кечээ күнү борборубуздагы №5 мектепте “Жыл мугалими – 2016” конкурсу старт алды. Албетте, республикабыздын жети дубанынан тандалып келген мугалимдердин бардыгында тең баш байгени бөктөрүп кетүү дымагы көрүнүп турат. Билим берүү тармагында кызмат кылган алдыңкы мугалимдердин таймашын көптөгөн күйөрмандарды да кызуу колдоп турду

Мугалимдерге ыраазычылык

28-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим, илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда уюштурулган “Жыл мугалими – 2016” конкурсун ачык деп жарыялады. Бул мелдешке Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринин 150дөн ашык кызматкерлери катышууда. Токтобүбү Ашымбаевна өз сөзүндө өсүп келе жаткан муунду окутуп, тарбиялап келе жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгилик жана чың ден-соолук каалады. Конкурста өзүнүн профессионалдык деңгээлин, билимин, чыгармачылык жөндөмүн көрсөтөрүнө ишенгенин билдирди. Ошондой эле, ал бул жерге келген мугалимдер, педагогикалык жамааттар, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин баары облустук конкурстун жеңүүчүлөрү экенин баса белгиледи.

Республикалык конкурс “Мыкты мугалим”, “Мыкты айылдык мектеп”, “Мыкты инновациялык мектеп”, “Мыкты бала бакча” аттуу төрт номинация боюнча өтүп жатат. Ар бир номинация республикалык “Жыл мугалими -2016” конкурсун өткөрүүнүн жоболоруна ылайык өтүүдө. Конкурс республиканын алдыңкы мугалимдерин, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин эмгегин баалоо, алардын педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүү жана мугалимдик кесиптин кадырын арттыруу максатында уюштурулуп келет.

Калыстар кара кылды как жарат

Конкурска катышкан мугалимдерге баа берүү үчүн атайын өз ишин мыкты билген калыстар тобу бекитилген. Калыстар тобунун төрагасы Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин окуу иштери боюнча проректору, психология илимдеринин кандидаты Коңурбаев Тууганбай Абдрахмановичке конкурстун жүрүшү, мааниси, максаты тууралуу собол салганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Бүгүнкү күнү жалпы республикалык деңгээлде “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун биринчи бөлүмүн аяктап жатабыз. Негизинен мындай конкурс Кыргызстандын жалпы билим берүү системасындагы эрежени өзгөртүүгө багытталган жаңы аракет. Конкурс Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим министрлигинин демилгеси менен жыл сайын уюштурулуп келет. Быйыл да бул иш-чаранын уюштурулушунда өзгөчө жаңылыктар болуп жатат. Биринчиден, мыкты мугалимди аныктоонун жобосу иштелип чыкты. Ал жобонун негизинде жалпы калыстар тобунун төрөгасы, мүчөлөрү аныкталды. Ошондой эле жалпы баалоонун критерийлери аныкталган соң гана конкурсту баштадык. Конкурска республика боюнча тогуз адам катышып, биринчи күнү ар бир катышуучунун презентациясын карадык. Калыстар тобунун төрагасы катары, бир маселени белгилеп кетким келет. Жылдан-жылга билим берүү системасында өзгөрүүлөр болуп, мыкты кадрлар ат салышып жатканына дагы бир жолу ишенип олтурам. Ар бир мугалимдин өзүн тааныштыруусу, маданий деңгээли мени өтө канааттандырды.

Мугалимдин аброюн көтөрүү – негизги максатыбыз

Ошону менен бирге бул конкурстун жүрүшүндө мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү максатын көздөдүк. Себеби мыкты мугалимдер гана келечекте мыкты кадрларды, мыкты мамлекеттик ишмерлерди жарата ала тургандыгы тууралуу презентациялар берилди. Ошол убакта окуучулардын өздөрү да, мектептин директорлору да мындай конкурска катышууга болгон активдүүлүгүн көргөзүп атат. Кээ бир мектептердин өздөрү тартып келген роликтерин көрүп атабыз. Эжекесин узатып жаткан окуучулардын баары мугалимине ийгилик каалап, жалпы жамааты өздөрүнүн демилгесин көрсөтүп жатканын көрүп бир топ каныбыз дүргүдү деп айтсак болот. Биз мындай жол менен билим берүү системасы мурда бир эле шаарда өнүгүп жатса, азыр ар бир облуста, жер-жерлерде инновациялык технологиялар аркылуу активдүү иштеп, өнүгүп жаткан мугалимдер бар экенине күбө болдук. Конкурска катышкандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар экени да бизди абдан кызыктырды. Себеби жаштар ушул конкурстан шыктанып, демилге алып, мындан дагы жакшы иштөөсүнө өбөлгө түзүлөт деп ойлойм. Биз калыстар тобу катышуучулардын аракетин объективдүү карап, конкурстун жыйынтыгын калыс чыгаралы деп аракет кылып жатабыз. Мындай аракеттин жүрүшүндө Билим берүү министрлигинин жалпы мамлекетте жүргүзгөн саясаты объективдүү болуп жатканын элге жеткирели деген максатты да көздөдүк. Себеби, ушундай конкурстар болгон жерде “туура эмес көрүнүштөр болуп калды” деген сөздөрдү угуп жүрөбүз, бирок бул жолу андайга жол берген жокпуз. Билим берүү министринин орун басары өзү да келип, бизге көрсөтмө берип кетти. Ушундан улам биз ХХI кылымда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүндө жаңы саамалыктарды баштоого мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ишенимдүү айтып кетмекчимин.

Максатым – жеңүүчү болуп кайтуу

Конкурстун катышуучусу Сырдыбаева Айзада да конкурс тууралуу өзүнүн ойлору менен бөлүштү.

– Мен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде информатика мугалими болуп эмгектенем. Эмгек стажым 11 жыл. Жогорку окуу жайды бүткөндөн бери эле “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, ушул мектепте иштеп келем. Бул жерде өзүмдүн билимимди текшерейин, квалификациямды тактайын дедим. Башка мугалимдердин да эмгегин көрүп, алардын иш-тажрыйбасын үйрөнүү да биз үчүн абдан кызык. Ошону менен катар эле бул жерге келүүмдөгү негизги максатым – жеңүүчү болуп үйгө кайтуу. Бул жерге өзүмдүн гана мектебимдин эмес, жалпы Ысык-Көл облусунун намысын коргогону келдим десем да болот. Биздин мектеп облустагы эң күчтүү мектеп. Эл мугалими Өзүбекова Жибек Райымбековна бардык мугалимдерге насаатчылык кылат. Мектебибиздин педагогикалык квалификациясы өтө жогору, дайыма өнүгүүнүн үстүндөбүз. Мектепте окутууну жакшыртуунун планы, лицейчинин модели иштелип чыккан. Бул моделде лицейчинин инсандык сапаттары, ишмердүүлүк сапаттары көрсөтүлгөн. Мекенчилдик сезими күчтүү, атаандаштыкта жеңе билген инсанды калыптандырууга болгон күчүбүздү үрөйбүз. 2013-жылы биздин мектеп “Кагазсыз мектептер” аттуу долбоордон конкурстук негизде өткөн. Ушул долбоордо мектепти электрондоштуруу деген максат коюлган. Ушунун негизинде мен өзүм сыймыктануу менен мектептин расмий сайтынын түзүлүшүн, окуучулардын, мугалимдердин сайттарын түзүлгөнүн айткым келет. Замандын өзү электрондук китеп, электрондук мугалимди талап кылып бараткандай. Ошол себептүү заманга бап келген технологиялар менен окутууну маанилүү деп эсептейбиз. Мисалы, биз календарлык пландарыбызды окуу завучубуздун электрондук почтасына жиберебиз. Ал өз компьютеринен биздин документациябызды текшерип коё алат. Эмгектин баарын бир базага топтоп, окуу процессинин жүрүшүн окуучуга да, ата-энеге да көрсөтө алабыз.

Бул конкурсту ишмердигимдин отчёту деп билем

– Менин аты-жөнүм Самара Абдыкеримова. Бүгүн “Жыл мугалими” конкурсуна Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 Окуу-тарбия комплексинен келдик. Адистигим – чет тилчи мугалим. Немец тилинен сабак берем. Максатым – чет тилде эркин сүйлөгөн инсанды тарбиялоо. Коомго пайдасын тийгизген, Кыргызстанга өз салымын кошкон окуучуну, же башкача айтканда, инсанды тарбиялоону негизги максатым деп эсептейм. Чет тили азыркы күндөрдө коомдун күзгүсү болуп калды. Чет тилин билмейин башка өлкөлөр менен мамиле түзүүгө мүмкүн эмес. Чет тили актуалдуу болгондон улам балдарга терең билим берүүгө умтулуп келем. Тил дипломун чет өлкөдө алып, алган билимдерин кайра Кыргызстанда жайылтуусуна салым кошуп жатабыз деп ойлойм. Биз немистердин Борбордук Азиядагы мектептерди башкаруу ведомствосу менен тыгыз иштешебиз. Бул ведомствону Ребекка Варнер аттуу айым жетектегенине байланыштуу биздин мектептин мүмкүнчүлүгү жогору. Себеби биз Германия мамлекетинин европалык стандарттагы сертификатына окуучуларды дайындайбыз. Ушул сертификаттарды алганга жетишкен окуучуларыбыз Германиянын ЖОЖдоруна экзамен тапшырбай өтүүгө укук алышат. Бул конкурстун мен үчүн мааниси абдан зор. Мугалим качандыр бир кездерде өз ишинин жыйынтыгын көрүшү керек да. Бул конкурсту мен мугалимдик ишмердигимдин отчёту деп билем.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: