Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-онтябрда буйрукка кол койду. Ага ылайык Куйкеев Эрик Асанович берген арызына жараша Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ