Menu

Туйгуналы Абдраимов, Саламаттыкты сактоо экс-министри: “Атамбаевдин чын эле ден соолугу начар, ушунчалык тез карыды, орустардын «Тяжело шапка Мономаха» деген сөзү бар”

Бөлүшүү:

– Акыркы учурда эски досуңуз Алмазбек Шаршенович ооруп калды. Ага кандай каалоо-тилегиңиз бар?

Каалаганым – батыраак жакшы болуп кетсин. Сакайып алсын. Атамбаевдин он жыл мурдагы сүрөтү менен азыркы сүрөттөрүн салыштырсаңар, айырмасы асман менен жер­дей. Ушунчалык тез карыды. Анткени элдин милдетин алуу, түйшүгүн тартуу чыны менен оор. Аны көпчүлүгү түшүнбөйт. Кыргыз башынан баатыр элбиз, бирок, ээнбаштыгыбыз да бар. Кыргызды башкарыш өтө оор. Ошон үчүн күчтүү мамлекетибиз болгон эмес. Кокон хандыгы да ыркырып-чыркырап отуруп тараган. Ошондуктан саясатчылар өз ара тытышканды токтотуп, «Кыргызстандын келечегин канткенде жакшы кылабыз?» деп жапатырмак бир багытка түшпөсөк, ушинтип эле бири-бирибизди тырмап, чукуп жүрө беребиз. Ынтымак жолуна түшүшүбүз керек. Президентибиз тезирээк жакшы болуп, айыгып кетсин. Чын эле ден соолугу начар. Айтып атпаймынбы, мамлекеттин жүгү оор да. Орустардын сөзү бар го, «Тяжело шапка Мономаха» деген.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: