Menu

Журналист Роман Сущенконун жактоочусу анын камалышы боюнча даттанды

Бөлүшүү:

Орусия атайын кызматы тарабынан тыңчылыкка шектелип кармалган украиналык журналист Роман Сущенконун жактоочусу анын камакка алынышы боюнча даттанды. Бул тууралуу «Интерфакс» Лефортово сотунун басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

Адвокат Марк Фейгин кечээ тергөө абагына кирип, камактагы журналист менен жолугуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын айтымында, Роман Сущенко айыптоолорду четке кагууда. Дүйшөмбүдө Фейгин журналист менен жолуга алган эмес. Камактагы украин жаранына консулду да киргизишкен эмес.

“Укринформ” агенттигинин кабарчысы Роман Сущенко Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан өткөн жума күнү кармалган. 1-октябрда сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ал “Лефортово” тергөө абагында.

Атайын кызматтагылар Сущенкону украин чалгынынын кызматкери деп аташты. Ал тыңчылыкка шектелүүдө. Украинанын Коргоо министрлигинен ал маалыматтарды четке кагышты. Киев Орусиядан Сущенконун тез арада бошотулушун талап кылды. “Укринформ” журналисттин камалышын “пландалган чагым” деп атаган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: