Menu

А.Турдукуловдун оппозиционер болгону үчүн “чыккынчы” болуп чыга калышы таң калыштуу…

Бөлүшүү:

Акыркы кезде мамлекетке “чыккынчылык” кылган бир катар мурдагы кызматкерлердин шпиондугу ачыкка чыгууда.

Бир ай мурда экс-премьер-министр А.Муралиевдин уулу, президент менен өкмөттүк аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Алтынбек Муралиев 22 жылга кесилип, үй-мүлкү конфискацияланган эле. Өткөн жумада  Жаркынбек Касымбеков деген экс- күйөө баласы, мурда Япония элчилигинде иштеген, журналист, учурда оппозиция тарапта жүргөн Адил Турдукуловдун өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын “саткандыгын” айтып чыкты. “Турдукуловдун тыңчы экенин укук коргоо органдарына далилдеп берүүгө даярмын” деп ал атайын маалымат жыйынын өткөрүп, ишенимдүү айтты. Көрсө,  А.Турдукулов  бир кезде мас болуп отуруп кайнагага ички сырын ачыкка чыгарып салган экен.  А.Турдукулов болсо  карандай калпты айтканы үчүн Жаркынбекти 2 млн. сом доого жыга тургандыгын билдирип жооп кайтарды. Кызыгы, Адил мырза оппозиция тарапта болгондугу үчүн гана анын “чыккынчылыгы” (эгер далилденсе) ачыкка чыгып отурабы же бул да бийлик тарабынан атайын уюштурулган оюнбу? Баса, азыркы Ак үй менен Көк үйдө иштегендердин арасында да “шпиондор” жокпу? Ошондой эле болсун дейличи, бирок мурда мамлекеттик органда иштеп, кийин оппозицияга өтө качкандар эле “чыккынчы” болуп чыгып жатышы таң каларлык.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: