Menu

Рахат Божокоева: “Саякбай” тасмасына тартылып, ат чапканды үйрөндүм

Бөлүшүү:

Азыркы жаңы чыгып жаткан тасмалардын арасынан Рахат Божокоеванын ажарлуу жүзүн көрүп калабыз. Рахатка жакында дагы бир жаңы роль тийип, аны ийине жеткире аткарууга аракеттенип жаткан учуру.  Ал тартылып жаткан тарыхый тасма-“Саякбай”. Биз Саякбай манасчынын жубайынын жаш кезиндегисин ойноп жаткан Рахат менен азыноолак маектештик. 

Рахат, кино дүйнөсүнө кантип келип калдыңыз?

Мен тартылган алгачкы тасма –“Сүйөм дечи”. Ал убакта он сегиз жашта болчумун. Кино чөйрөсүнө мени эч ким жетелеп келген эмес, кастинг аркылуу өткөм. Аталган тасма чыккандан кийин мага режиссерлор тарабынан сунуштар түшө баштады. Тасма талаасында алгачкы тушоом “Сүйөм дечиде” кесилип, бул тасма мага акжолтой болуп берди.

Бул багытта билим алдыңыз беле?2015-03-02_15-08-42_901532-1

Актердук кесипке окуган эмесмин.Театралдык курстарга деле барган жокмун.  Бул жараткандын мага берген шык-жөндөмү болсо керек.

Анда кайсы кесиптин ээсисиз?

Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетин аяктагам. Учурда ушул эле окуу жайга магистратурага тапшырып, билимимди өркүндөтөйүн деп турам.

Ошондо  келечекте өзүңүздү актриса катары көрөсүзбү же экономистпи?

“Актердук чеберчилик, театр, алып баруучулук — бул менин хоббим” деп башынан эле айтып келем.  Анткени жан дүйнөмө жаккан тармак. Бирок өмүр бою актриса, алып баруучу болуп иштейм деп айта албайм. Аял киши үчүн башкысы —  жубай, эне болуу эмеспи. Азыр турмушка чыга элек болгондуктан, колум бош, анан каалоом күч болгондуктан тасмаларга тартылып келем. Мага финансы тармагы жагат. Азыр айрым банктардан чакыруулар келип жатат. Магистратураны бүткөндөн кийин иштеп көрөм. Бул кесип чындыгында эле меникиби же жокпу, ошондо билинет.

Тасмадагы образдарыңыз бири-бирине окшоштой сезилет?..

Менимче андай эмес. Мисалы, “Сүйөм дечи” тасмасында шуулдаган кыздын образын берсем, “Кекеч” тасмасында созулган, сүйлөбөгөн бийкечти аткаргам. Мында ролдордун айырмасы бар десем болот. Эгерде мага терс каармандын ролун беришсе, ал образ акыйкаттыкка жетүүнү көздөгөн болсо, ага да тартылмакмын. Мага башкысы тасманын сценарийи менен иштешкен команда жагышы керек.

“Саякбай”  тасмасында Саякбайдын жубайынын жаш кезин ойнодуңуз. Тарыхый тасмага тартылуу сиз үчүн кыйын болгон жокпу?

Аткарган ролум өзүмө жакты. Тарыхый тасмада тартылуу мен үчүн жаңылык болду. Кыйынчылыгы — ат чабуу болду. Ага тартылуу үчүн ат чапканды үйрөндүм. Ал эми тасма тааласындагы аура  ойдогудай болду.

at-chapkan

Чыгармачылык адамдарга бут тосуулар көп болот эмеспи. Өзүңүзгө карата ушундай көрүнүш байкадыңызбы?

Бардык адамдар менен жакшы мамиледе болууга аракеттенем. Бардыгы менен саламым түз. Андай көрүнүштөр мен жок жерде болсо болгондур, бирок бетиме эч ким айткан эмес.

Алып баруучулук кесипти да аркалап келесиз. Бул тармакта кандай жаңылыктарыңыз бар?

Өзүңүздөр билгендей, НТСте алгач “Таңкы Шоолада”, кийин “Утро Live” берүүсүндө алып баруучу болуп иштедим. Учурда эмгек өргүүдөмүн. Алдыда  автордук программамды алып чыксамбы деген пландар бар. Бирок бул нерсеге биринчиден убакыт, экинчиден илхам керек болуп жатат.

Эл сизге кандай мүнөздөмө берет?

Мени тың кыз деп ойлошот. Абдан шуулдаган, шайдоот деп айтышат. Бирок убакыт өткөн сайын токтолуп, созулуп калдым окшойт.

Кандай мүнөздөгү эркектер жагат?

Акылдуу, күчтүү, сөзүнө турган, ата-энесин урматтаган, өзүн дагы башкаларды да сыйлай билген мырзалар жагат.

3153-0-1408090694Жакынкы арада турмушка чыгуу планыңызда жокпу?

Негизи кыз кишиге турмушту пландаган оор эле болуш керек. Анткени кыз киши өзүнүн адамын жолуктурганда гана үй-бүлө курууга даяр болот. Кудайдын буюрганын көрөбүз.

Демек азырынча өзүңүздүн адамыңызды жолуктура элексиз?

Сүйлөшкөн жигитим бар. Болгону ар бир нерсенин өз убактысы болот эмеспи… Жигитим чыгармачылыгымды колдоп келет.

Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

Сьемка учурунда грим, боекторду колдоно берип, бет чарчай баштайт. Ошондуктан жарым жылда бир косметологго барып турам. Өтө деле кымбат бет майларды колдонбойм. Кадимки убактарда боенбой жүргөнгө аракет кылам. Боенгон күнү уктар алдында сөзсүз бетимди тазалап, жууйм. Бош күндөрү апам экөөбүз бирге бетибизге скраб, маскаларды жаап турабыз.

Кийим-кечекти кайдан сатып аласыз?

Моданын артынан кубалабайм. Шаарда дүкөндөрдү кыдырып, жактырган кийимдеримди сатып алам. Мектепте окуп жүргөндө “шопоголик” болчумун, бат-баттан кийим ала берчүмүн. Азыр сапатына качырып калдым. Кымбат алып, көп убакыт кийем.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: