Menu

“Унаис” атту китепти жазган Мелис Арыпбек менен Анарбек Усупбаевге чара көрүлүшү керек”

Бөлүшүү:

Мелис Арып-бектин “Унаис” аттуу китебин учурда айрым жазуучулар кызуу талкууга алып, туура эмес жазылганын айтып жатышат. Анда Унаис деген Анарбек Усупбаевдин баласы экени, анын көзү өтүп кеткени, эгер ал тирүү болгондо мыкты жазуучу болмоктугу  айтылганын китепти окугандар айтышууда. Анда баласы тууралуу эле жазылбастан, жазуучу Чыңгыз Айтматовду  жаманатты кылганын да айтышууда. Бул боюнча айрым жазуучулар редакциябызга  келип бизге буларды айтып беришти…

Темирбек Жолдубаев, жазуучу:

-Мелис Арып-бек дегенди буга чейин мен билчү деле эмесмин. Чыгармаларын деле окубаптырмын. “Унаис” деген китеп чыгарып, Чыңгыз Айтматовду жамандаптыр дегенди уксам, окусам, чын эле ойду-тоону дөөрүптүр. Эми Чыңгыз Айтматов ким дагы, аны жазган Мелис Арыпбек деген ким. Кичине жазаардан мурун ойлонуш керек да. Жазат десе эле жаза бербей. Мен өзүм Чыңгыз Айтматовду жактап, коргоп чыккандай анын жакыны деле эмесмин. Чүйдүн Белеводский айылынан болом. Укканыма караганда Мелис Арыпбекке китепти Анарбек Усупбаев деген теңирчи жаздырыптыр. Унаис деген Анарбек Усупбаевдин канынан жаралган баласы экен. Ал баланын көзү өтүп кеткен экен. Эгер көзү тирүү болгондо анысы Чыңгыз Айтматовдон ашкан жазуучу болмок экен. Болсо болмоктур, эми өлгөн баланы жамандаган болбойт. Бирок таң калам да, жазса Унаис жөнүндө эле жазышпайбы, эмнеге Чыңгыз Айтматовго асылышат. Бул боюнча тиешелүү чара көрбөсө, акын-жазуучулар чогулуп оюбузду билдирбесек болбойт. Чыңгызды биз коргобогондо ким коргойт. Кыргыз эли мактанаар эмнебиз бар. Манасыбыз бар, Чыңгызыбыз бар, андан башка небиз бар? Манасты да жайсаңчы кылып бурмалоого аракет жасагандар болду. Эми ал бүтүп Чыңгызга кезек келген экен да. Токтотуш керек мындайды. Буга биз тикебизден-тик туруп, аягына чейин теңирчи Анарбек Усупбаевдер менен салгылашууга даярбыз.

Мукан Асаналиев, акын, котормочу, Жазуучулар союзунун мүчөсү:

-Бүбү Мариям Муса кызы “Айкөл Манасты” жайсаңчы кылып бурмалагандан баштап мындай аракеттер күч алды. Булардын артында чоң держава турабы деп ойлойм. Ошол жактан олчойгон акча алып, анан кыргызга каршы иш алып барып  жатышат. Мен мисалы бир топ жыл АКШда, дагы башка өлкөлөрдө жашап келгем. Англис тилинен кыргызчага которуп, бир топ жылдан бери иш алып барам. Бир топ чыгармаларды  котордум. Бүбү Мариям Муса кызы убагында чыгарып жаткан жайсаңчы Айкөл Манас китебин которуп бер деп мага кайрылган. Которуп берсем, долларлап акча төлөп берээрин айткан. Макул деп биринчи бетин которуп баштаганда эле иренжип которбой койгон элем. Андан кийин кимге котортту билбейм. Ал мен билгенден чет өлкөдөн каржыланып  жазылып, которулуп жатабы деп ойлойм. Болбосо эмнеге чоң акча берип котортуп жатышат. Бул Анарбек Усупбаев менен Мелис Арыпбектин ойлоп тапкан “Унаис” чыгармасы деле ошол сыяктуу, батыш жыттанып турган тескери чыгарма. Буга чара көрүлбөсө болбойт.

Жумабек Токтогазиев, жазуучу:

-Ушунчасында буга чара көрүлбөсө болбойт. Чыңгызды келекелегендей Анарбек Усупбаев, Мелис Арыпбек дегендер ким? Алардын кандай акысы бар. Бүтүндөй кыргыз эли, дүйнө эли урматтаган Айтматовдун арбагына шек келтирип оюна келгенди оттоп, ойду-тоону жазгандай. Мен теңелбей эле коеюн, жазбай, унчукпай эле коеюн дегем. Мага акын жазуучулар айтышты, жазбай эле кой, теңелбей эле кой, сен теңелип жазган сайын Анарбек Усупбаевдердин аты чыгып, рейтинги көтөрүлөт дешип. Бирок мен кантип жооп айтпай тура алам. Кантип реакция кылбай коебуз. Бүгүн булар Чыңгызды жамандаса, эртең Алыкул Осмоновду келесоо кылып жазышса кантебиз? Биз Чыңгыз Айтматов тирүү болсо минтип чыркырап чыкпайт элек. Көзү тирүү болгондо Анарбек Усупбаев, Мелис Арыпбек минтип жазбайт эле. Көзү жоктугунан пайдаланып, ушинтип арбагына шек келтирип жатышат. Сотко бериш керек, бир миллион сом доого жыгыш керек, былжырыган, дөөрүгөн китеби үчүн бир миллион сом төлөшү керек деп айрым гезиттерге айрым жазуучулар жазып жатышат. Туура жазып жатышат. Анарбек Усупбаевди, Мелис Арыпбек экөөнү тең сотко бериш керек. Биз жөн койбойбуз, сотко беребиз. Тиешелүү жерлерге арызданып, экөөнүн тең акесин таанытабыз. Жетишти булардыкы.

Гүлжигит Сооронкулов, котормочу:

-Бул маселеге тиешелүү чара көрүлүшү керек. Ар ким эле каалагандай кылып жамандап жазып чыгара берсе кантип болсун. Манасты, Чыңгызды бурмалаганга аракет кылган немелер муну менен эле токтоп калбайт. Эртең дагы бир башка жазуучуну же дагы бир баалуулугубузду бурмалап чыкпайт деп ким кепил боло  алат? Жазуучулар  чогулуп бул боюнча ой пикирлерин билдирүүсү зарыл.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: