Menu

Бекбоев бекинип жатат, УКМК “уктаба”?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жеке кызыкчылык дегенде эт-бетинен кеткен саясатчылардын катарында  Замир Бекбоев деген  “залкар”  бар.  Бул адам Акаевдин тушунда  президентке караштуу гуманитардык жардамдар боюнча комиссиянын төрагасы болуп, ашыкча кылгырткан “май талкандын” үстүндө олтурган. Ал кызматтан кеткен соң “Бабек ЛТД” аттуу жеке курулуш фирмасын түптөп, бийликтин  ачып берген “жашыл жолу” менен сапаты аз, мыйзамга анчалык жооп бербеген саны көп үйлөрдү куруу иши менен алек болуп келген. 2005-жылы канкор Курманбек Бакиев президент болгондо анын кеңешчиси болуп 2008-жылга чейин иштеген. Ошол жылы  Бакиевдин аппаратынын жетекчисинин орун басары, андан соң Бишкек мэри болуп, мамлекеттик казынаны өз казынасындай оңду-солду калчап турган Нариман Түлеевдин орун басары (вице-мэр) болуп эмгектенген. Бекбоев Кудайын тааныбай, кыргыз элин мал сындуу көрүп турган Бакиевдерге “аюу кызматын” өтөп, өзүнүн жана өзгөлөрдүн мыйзамсыз иштерине мыйыгынан күлүп турган.  Бул адам таалайы таштан чоң экен, Бакиевдер качкандан кийин  эч кандай жоопко тартылган жок, тескерисинче дагы бир өнөктөшү Куловдун “Ар – Намысы” менен ЖКда 5 жыл депутат болуп  кыйратып иштебей, жеке кызыкчылыгын ойлоп жыргап гана олтурду.  Жакшы мыйзам жазган деле жок,  жазмак турсун,  жан досу  Гусаров менен казинолордун ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзамга каршы чыгып, элдин каргышына калган жайы бар.  Көрсө кумарпоздук да жайы бар окшобойбу. Жогоруда айткан  “Бабек ЛТД” курулуш компаниясы бүгүнкү күндө да мыйзамсыз иштерден алыс эмес. Бул жагын текшерип койсо көп эле “былыктар” ачыкка чыкмак. Анан калса азыр УКМК бийликтегилерди, оппозициядагыларды эле текшере бербей, кылгылыкты кылып коюп бекинип жаткан Замир Бекбоев өңдүүлөрдү да мыйзам чегинде жоопко тартпайбы. Коомчулуктун да каалоосу ушундай экени талашсыз.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: