Menu

Нурбаевге чара көргүлө!

Бөлүшүү:

Биринчи май райондук Жеңиш жаңы конушунун тургундары аталган конуштун жетекчиси Өскөн Нурбаев менен «Кыргызгаз» ишканасынын кызматкерлерине нааразы. Анткени «Кыргызгаз» ишканасы Жеңиш конушуна газ киргизмекчи болушуп, таза суу өткөн түтүктү тешип салышкан. Эч кандай коопсуздук чарасын көрүшпөгөн шалаакы мамиледен улам учурда конушту суу каптап, жашоочулардын шайын оодарып жаткан кез. Конуш жетекчиси болсо «Кыргызгаздын» кетирген орой кемчилигин көзүнө сайып көргөзүп маселе чечкендин ордуна, дайынын таптырбай качып жок дешет. «Кыргызгаздын» кызматкерлери кетирген кемчилигин сезип оңдоп берели дешсе, сууну токтотуп берчү жан киши жок экен. Мындан улам конуштун тургундары Өскөн Нурбаевге жана «Кыргызгаз» ишканасынын кызматкерлерине чара көрүү талабы менен кол топтоп жатышыптыр.  Эгер эч ким көңүл бурбаса, президентке чейин кайрылабыз дешет жашоочулар…

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: