Menu

Айгүл Аджиева, НТС телеканалынын оюн-зоок телешоу программалар департаментинин жетекчиси: “Ар бир теле берүүдө өзгөчөлүк болуш керек”

Бөлүшүү:

– Айгүл, сиз эмгектенип жаткан каналдагы оюн-зоок программалар бөлүмүнө качан келгенсиң?

– 3 жылдан бери НТС телеканалында иштейм. Алгач мени “Утролайв”, “Таң Шоола” таңкы телеберүүсүнө редакторлукка чакырышкан. Телеге келгенден тарта бир жыл ичинде мыкты жаңы чыгармачылык топ түзүп, программалардын  форматын өзгөртүп, жаңы жүздөрдү элге алып чыгууга жетиштик. Тынымсыз эмгектин натыйжасында биздин программалар көрүүчүлөрдүн сүйүктүү телепрограммаларына айланып, жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Азыркы кезде Кыргызстандагы эң мыкты таңкы берүүлөрдү биздин гана каналдан көрүүгө болот.

НТС каналынын оюн-зоок программалар бөлүмү “Музыка без крыши”, “Песня года”, “Видеоблог” деген берүүлөр менен толукталды. Менин жумуштагы дагы бир милдетимдин бири – продакшн студиялар менен иштешүү. Мунун ичинде күлкүлүү, скетч шоу, ток-шоу сыяктуу берүүлөрдү жаратуу турат.

– Көрүүчүлөрдүн табитине төп келген программаларды табуу үчүн кандай идеялар менен иш жүргүзөсүң?

– НТС каналы өздүк көрүүчүлөрдүн чөйрөсүн түзүүдө. Каналдын өзүнүн стили жана  өзгөчөлүгү бар. Ар дайым кызматташууга эшигибиз ачык. Күн сайын бизге сунуштар келип турат. Өздөрүнүн теледолбоорлорун жасагысы келгендер көп. Бирок аны керектүү деңгээлде көрүүчүлөргө жеткирүү баарынын колунан келе бербейт. Сунуштардын арасынан эң кызыктуусун, пайдалуусун карап көрөбүз. Мына ушундай учурда адистин өз ишин мыкты билгендиги, көп жылдык иш тажрыйбасы жана ички туюму сөзсүз керек. Кайсы бир долбоорду тандап алаарда анын сметасын карап чыгабыз. Мисалы бир эле программанын жасалгасы канча турат. Бул жагын да эске алабыз. Бизге сапаты маанилүү. Айрымдары үчүн оюн-зоок программалар сыртынан жеңил, оңой көрүнгөнү менен аны тартып даярдоо машакат. Оюн-зоок программаларды жаратуу чыгармачылык топ менен биргеликте ишке ашкандыктан өтө татаал болот. Бул жылы каналда маалыматтык оюн-зоок программалары көбүрөөк болот. Бирок баары мыкты сапатта, кызыктуу мазмунда тартууланат.

– Азыркы мезгилде жыл сайын эмес күн сайын жаңы багыттар жаңы нерселерди изденүү актуалдуу эмеспи. Сен өзүң эмнелерди ойлоп тапканга шыктуусуң?

– Ооба, чынында ошондой. Заман агымы менен тең жүрүп, программаларыбызды жалпы элге таратуу үчүн интернет желесин активдүү пайдаланабыз. Ар бир идеяга жаңы түс киргизүү үчүн данегин тапканга аракет кылам. Ютуб социалдык тармагында НТСтин атайын каналы аркылуу ар бир долбоордун өзүнүн баракчаларын көрүүгө болот. Өзүм дагы ар дайым жаңы идеялардын үстүндө иштеп, ар бир долбоорго өзгөчөлүк киргизүүнү жактырам. Мисалы, биздин каналдагы жыл сайын жаңы жылда өтүүчү “Жылдын ыры” наам тапшыруу аземин шаардагы муз тебүү аянтчасынан өткөрдүк. Муз үстүнө 9 метрлик бийиктиктеги  сахнаны 3 күндө жасалгалап, чыгармачылык топ 3 күн үшүдү. Бирок кылган эмгегибиздин акыбети кайтып пландаган оюбуз ишке ашып, майрамдык кечебиздин тартылышы ойдогудай өттү. Бул нерсе менен эле чектелбестен, дагы да болсо өсүп-өнүгүүгө аракет кылып, жаңы пландардын үстүндө иштеп жатабыз.

– Телевидениени тегирмен деп коет. Болгон энергияңды берип иштөө керек. Сен бул нерседен кантип алаксып турасың?

– Убактымдын көпчүлүк бөлүгүн жумушка арнайм. Кээде чоң долбоорду тартып калган учурда ошол жерде түнөп калган учурлар болот. Бирок өзүңдүн сүйүктүү кесибиң менен алектенип, убактыңды өзүңө жаккан нерселерге кетирип жатсаң чарчаганыңды деле байкабайсың жана тажабайсың. Жумушка болгон эргүүнү кызыктуу адамдар менен баарлашкандан жана француз кинолорун көргөндөн, башка өлкөлөргө болбосо дагы Кыргызстандын кооз жерлерине барып саякаттагандан алам. Андан сырткары узак жолдо көп нерселерди ойлоп, пландаганды жактырам.

– Өзүң тууралуу айтып берсең. Эмнелерге кызыгасың?

– Кээде өзүмдүн башка эч нерсеге кызыкпаганыма таң калам. Себеби менин кызыгуумдун баары телеге жана киного байланыштуу. Ошондуктан келечекте өздүк тасмамды тартуу кыялымда бар.

 Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: