Menu

Парламент жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды. Долбоорго 60 депутат “макул” деп добуш берсе, 48 эл өкүлү “каршы” чыгышты.

Демилгечи депутат Аида Салянованы айтуусунда, Кылмыш-жаза жана Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жашы жете электерге нике кыйгандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

– Жоопко тартыла турган адамдар булар: никеге туруп жаткан жашы жеткен бала, баланын ата-энеси жана молдо. Азыр жашы жете электер арасында ден-соолук, өмүрүнө байланыштуу чоң маселе болуп жаткандан кийин биз долбоорду жашы жете электерге эле арнадык.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, турмуш курган кыздардын 15% 18 жашка чейин никеге тургандар. Анын ичинен бир пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыккандар. Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-18 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: