Menu

Тажикстан ЖККУнун кибер кылмыштуулук боюнча протоколун ратификациялады

Бөлүшүү:

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 5-октябрда ЖККУга мүчө өлкөлөр менен маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү боюнча протоколду ратификациялады.

Тажикстандын атайын кызматы документти өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо маанилүү деп эсептеп, парламентти протоколду кабыл алууга үндөдү.

Кибер кылмыштарга каршы ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө багытталган протокол маалымат коопсуздугунун системасын түзүүгө, деструктивдүү маалыматтардын алдын алууга багытталган. Бул документ 2014-жылы Москвада уюмга мүчө өлкөлөр тарабынан кабыл алынган.

Бийликтин кабарлашынча, жыл башынан бери Интернетте террорчулардын изине түшүү менен 8 теракттын алдын алууга мүмкүн болду. Бул үчүн социалдык түйүндөр, электрондук почталар, мессенжерлер көзөмөлгө алынган.

Жыл башында Тажикстан маалымат технологияларын колдонуу менен кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбор ачуу ниетин билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: