Экс-премьер Темир Сариев Москвага учуп кетти. Бизге жеткен ишенимдүү булактарга караганда, Темике Кремлди бийлеген океңдердин «көзүрлөрү», саясат таануучулары менен Москвадагы кымбат ресторандарда жолугушуп, саясый консультацияларды жүргүзүү пландалган. Демилге океңдер тараптан болгондугун эске алганда, алдыдагы жарыштарда «акшумкарчынын» бактысы жана турган болдубу? Анан калса Кремлдеги Евразиялык экономикалык союзду «мыкчып турган» «көзүрлөрдөн» башка Темикеге Аскар Акаев жана анын табакташтары тарабынан да шайлоого карай «жылуулук уруп» жатканы каңкууланды. Кудай бак айтса, кең Россиядан «бата алса», ооматы туш тараптан артты дей берсеңер болот. Бирок, Атамбаевдин кара жини кармаса, керек болсо Сариевди пайгамбар колдосо да саясаттан четтетип салышы ажеп эмес.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ