«Спутник» сайты «гезиттердеги айың кеп» деп акылдуусунган материалдарын баштаптыр. Биздин гезитке чыккан Турсунбек Акундун Акүйгө барып Икрам Илмияновго жолукканы боюнча шек санашып, кылдан кыйкым издешкендери күлкү келтирди. Тукенин ортомчулук милдетти аткарып жүргөнү анык да. Сайттагылар Т.Акунга чалышат, ал болсо жеке эле Икрамга эмес, Атамбаев менен Текебаевдин ортосуна дагы түшүп атканын жашырбаптыр. Кыскасы, биздеги так маалыматты «спутникчилер» айың кепке такап атышканын түшүнбөдүк. Же элдин баарын өздөрүндөй ойлошобу? Бир жерин кычышса деле моокумун кана турган убак келет да. Эми ошол жагдайга жетип калдык го. Арыдан-бери жүрбөйсүңөрбү, урматтуу кесиптештер? Же аба ырайы өзгөргөндө кыйналып атасыңарбы?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ