Menu

Кыргызстанга Интернет мурдагы баада бериле баштайт

Бөлүшүү:

Казакстан Кыргызстанга карата интернет тарифин өзгөртпөй турган болду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков маалымат жыйында билдирди.

Ал атайын түзүлгөн жумушчу топ Алматы шаарында жолугушууларды өткөргөндөн кийин ушундай чечимге жетишилгенин кошумчалады.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз өз ара түшүнүшүүгө келдик. Ошондуктан, баалар туруктуу бойдон каларына кепилдик бар», – деди ал.

Казаков казак провайдерлеринин Кыргызстан үчүн бир мегабиттин келишимдик баасы 10 доллардан 15 долларга чейин экенин, бирок алар интернетти орусиялык компаниялардан 2 доллардан сатып алышарын кошумчалады. Анын айтымында, бул тармак көзөмөлдөнбөйт жана базар баасы суроо-талап менен сунуштарга жараша аныкталат. Тажикстанда бир мегабит Интернет 65 доллар турат.

Август айынын аягында Казакстандын байланыш операторлор биримдиги Кыргызстанда интернет баасы 1,5-3 эсе жогорулай турганын билдирип чыгышкан. Алар муну Орусия тараптан Казакстанга интернет кымбат келип жатканы менен түшүндүргөн. Бирок орус тарап эч кандай бааны кымбаттатпаганын расмий билдиришкен.

Мындан улам Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылып, Казакстан тараптан Кыргызстанга интернет баасын жогорулатууга жол бербөөнү өтүнгөн.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: