Menu

Фото – Кикбокс боюнча дүйнөлүк мелдеште чемпиондукту жана байгелүү орундарды ээлешкен жаш спортчуларды Жалал-Абад шаарынын Курманбек дарбазасынан чоң салтанат менен тосуп алышты

Бөлүшүү:

Россиянын Анапа шаарында болуп өткөн кикбокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк мелдеште Кыргызстандын атынан барып, чемпиондукту жана байгелүү орундарды ээлешкен жаш спортчуларды Жалал-Абад шаарынын Курманбек дарбазасынан шаардын коомчулугу чоң салтанат менен тосуп алды. Намыска жараган жаш спортчуларды тосуп алуу учурунда Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын башчысы Жеңиш Жоробеков, ошондой эле Экономика жана ишкердик университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков куттукташты.

Дүйнөлүк мелдеште биринчи орунду багыткан Мурзаканов Шамилге, ошондой эле экинчи орунду алган Касымов Мирбекке дагы да ийгиликтерди каалап, келген жетекчилер өздөрүнүн белектерин тапшырышты. Ал эми Экономика жана ишкердик университетинин ректору А. Мамасыдыков бул жаш спортчулардын аталган окуу жайда акысыз билим алышына шарт түзүлгөнүн билдирди.

Биздин чемпиондорубуз жөнүндө машыктыруучусу Алишер Акимбаев мындай дейт-“

-Россияда өспүрүмдөр арасында спорттун кикбокс түрү боюнча мелдеште Жалал-Абаддын спортчулары биринчи жана экинчи орунду багынтып келишти. Бул эки спортчубуз №1-спорт мектебинде 7 жылдан бери машыгып келе жатышат, экөө тең аябай аракетчил балдар, түнү-күнү дебей чемпионатка даярдык көрүшкөн эле, эми минтип акыбети кайтып олтурат. Сыйлык бул жигиттердики болсо, сыймык биздики. Ар дайым спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз, – дейт жаш спортчулардын машыктыруучусу Алишер Акимбаев.

zha-vstrecha-kikbokserov

zha-vstrecha-kikbokserov3

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: