Menu

Темир Сариев, экс-премьер-министр: “Эл бийликке ишенбей калды”

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Темир Сариев азыркы коомдук-саясий кырдаал, өкмөттөн кетиши, Үңкүр-Тоо чатагы жана алдыдагы пландары тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Темир мырза, өткөндө сизге карата “жолду акча жок эле баштап алган” деген дооматтар айтылды…

Бизде качан акча кенен-чонон эле? 25 жылдан бери бюджет тартыш. Акча жок деп отура берсек, эч нерсе кыла албайбыз. Өкмөт башчы болгондон кийин амбициялык пландарды коюп, акча таап ишти жасаш керек. Экинчиден, мен курулай жерден туруп жол салам деп баштаган эмесмин. Былтыр 16,5 млрд. сом кошумча киреше булактарын таап, ошого жараша чыгашаларды көбөйттүк. Азыр эл арасында ошол жолду “темир жол” деп атап алышыптыр. Ылайым эле ошондой болуп калсын.

Учурда позицияңыз бир аз бүдөмүк болуп тургандай. Же бийликтен жалтактап убактылуу өкмөттөгүлөрдүн катарына кошула албай жатасызбы?

Мен эч нерседен коркконум жок.  Бийлик менен тирешебиз десе, тиреше берсе болот. Кооз сөздөрдү сүйлөйм десем, менин да тилимден чаң чыгат. Бирок акыркы 10-15 жыл ичинде биз төңкөрүшкө лимитибизди түгөттүк. Эми бардыгын сүйлөшүү жолу менен бүтүрүш керек. Жооптуу иштин астында өзүн татыктуу кармап туруу баарынын эле колунан келе бербейт. Мен алар менен чогуу жүрүп далай күндөрдү башыман өткөргөм. Менин азыркы сунушум — убактылуу өкмөттүн ультиматумдук талаптарынан кетели, сөз менен чечишсе деле болот. Президент дагы эл тарабынан шайланган. Ал мамлекеттин жүзү. Жагабы, жакпайбы анын демилге көтөрүү укугу бар. Ал башында туруп өзгөрүү керек деп айтып атса, кеңешип көрөлү да. Дароо эле жок деп кыйкырып чыкпай.

Ошондо сиз Конституциянын өзгөрүшүн колдойсузбу?

Мурда айтылгандай, 2020-жылга чейин тийбей турсак болмок. Ошондо бийликке карата элдин ишеними пайда болот эле. Бизде жаман адат бар — өзүбүздү Конституцияга карата өзгөрткөндүн ордуна Конституцияны өзүбүзгө ылайык өзгөрткүбүз келип турат. Биз негизги мыйзамды өзгөртүү Атамбаевдин демилгеси  дегенибиз менен юридикалык жактан 4 фракция кол коюп, көтөрүп чыкты. Эртеңки күнү териштирүүлөр болсо, ошолор жооп бериши керек. Негизи Конституцияны албетте өзгөртсө болот, бирок өзүнүн ирети менен.

Референдум өттү дейли. Чоң өзгөрүү болобу?

Эч бир революциялык өзгөрүү же элдин турмушу эртең эле оңолуп кетет деген  кепилдик жок бул жерде. Атамбаев бийлигин же таасирин сактап калуу үчүн кылып атат деп да ойлобойм. Ошондой эле премьердин ыйгарым укуктары көбөйөт деген да болбогон кеп. Болгону акимдерди өзү шайлап калат деген жерлери бар, мен ага каршы эмесмин. Ал эми жалпысынан айтсам, өкмөт башчыга иштейм десе, азыркы Конституция менен деле мүмкүнчүлүктөр толтура. Менимче, бул жерде бир гана позициялык, принципиалдык талаш болуп жатат.

Эгемендүүлүк майрамында президенттин убактылуу өкмөт менен Роза Отунбаеванын дарегине айтылган сөздөрүнө кандай баа бердиңиз?

Ал 31-августта айтыла турган сөз эмес болчу. Атамбаев, Текебаев ар кандай сүйлөп жатышат. Бул бийликтин тамырына балта чабууга барабар. Элдин бийликке болгон ишеними кетип калды.  Бул жерде үй-бүлөдөгүдөй эле маселе да. Эрди-катын, ата-бала урушканынын баарын көчөгө чыгара берсе, эртең эле кошунаң бетиңди карабай калат, “кудай урган үй-бүлө” деп. Бийлик деле ошондой.  Кээде келечек үчүн унчукпай коюу керек. Роза Отунбаева тууралуу айтсам, Конституцияны бекиткенде атайын мыйзам, убактылуу өкмөттүн  декрети бар болчу. Ошонун негизинде убактылуу өкмөттүн башчысы — президент деген ыйгарым укук берилген. Аны өзүн-өзү шайлаган деп эч ким айта албайт.

Тендер чуусу боюнча сурак берип жаткан турбайсызбы?2016-01-27_08-06-59_369437

Мага кылмыш иши козголгон жок. Азыр ЖКнын, президенттин тапшырмасы менен тендер боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Эки жолу суракка чакырылдым. Биринчисинде күбө катары чакырылдым. Экинчи жолу Аргынбек Малабаев берген көрсөтмөгө тактоо иретинде берген суроолоруна жооп бердим.  Бул иш аягына чыгарылышын талап кылам. Жолду баштаганым үчүн күнөөлөсө,  мен анын жазасын алууга даярмын.

Үңкүр-Тоо боюнча айтсаңыз, сиз өкмөт башчы болуп турганда телемунараларды башка жакка көчүрүү, Үңкүр-Тоону өзбек аймагы деп таануу боюнча токтом чыгарып ийди деп чоң ызы-чуу чыкты эле. Жакында Бекназаров “токтом жок деп алмаштырып койгон” деп айтып чыкты. Өзбек милициясы өткөндө кирип алганына сиздин ошол токтомдун таасири тийген жокпу?

Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп таанып койгон 1955-жылдагы  жана 2006-жылкы документтер бар. 1955-жылкысына Төрөбай Кулатов кол койгон. Ал кишиге күнөө кое албайбыз. Ал адамдын мамлекетке зор эмгеги сиңген. 55-жылы СССР тарайт, ушинтип мамлекеттер өз-өзүнчө бөлүнөт деп эч кимдин 40 уктаса түшүнө кирген эмес. Экинчиси Бакиев президент болуп турганда Өзбекстандыкы деп тааныган. Бирок ал бизден ратификациядан өтпөй, күчүнө кирген эмес. Ошол себептен биз тиешелүү мамлекеттик процедуралардан өткөн эмес деп мурдагы документтерди тааныбай атабыз. Такталбаган жердин статусу башка, ар дайым кооптуу. Ошол себептүү өзүбүзгө кошумча мунараларды куралы дегенбиз. Азимбек Бекназаров бөйрөктөн шыйрак чыгарып, популисттик кыла бербесин. Калпты өтө көп айтат. 6-апрелде ал аялдын көйнөгүн кийип качканда биз унчуккан эмеспиз. Эми келип кимге баатыр болуп атат?

Президент дарыланып жатканда өзү менен байланышып, ден соолугун сурай алдыңызбы?

Атайын байланышып, ден соолугунан кабар алган жокмун. ММКларга чыккан маалыматтардан көрүп аттым. Ал киши президент болгондон бери майрамдарда гана жазышып, куттукташып турабыз.

Алтымыш жылдыгына да чакырбадыбы?

Чакырган жок, чакырылбаган жерге барсаң эмне болосуң? Шыпырылбаган жерге отурасың. Куттуктоомду жиберип, рахмат деген жообун алдым.

Президенттик шайлоого аттансаңыз, кайсы саясий күчтөр менен барасыз?

2017-жылкы шайлоого саясатчылар баары эле кам көрүүдө. Ошонун ичинде мен дагы даярданып жатам. Талапкер болуп чыгыш үчүн өзү арыз берип, анан 30 миң добуш топтош керек. Мындан аркысын өзүңөр ойлоно бергиле.

Өткөндө “Де-факто” гезити Кыргызстанга президент болгондордун баары кызматтан 61 жашында кеткенин жазып чыкты эле. Ошондон кийин бирөөлөр сиздин жашыңызды ошого ылайык деп эсептеп чыгышыптыр…

Ошентип болжогондордун оозуна  май (күлүп).

Премьерлик кызматтан кетишиңиздин түпкү себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Сариевдин басыгы катуу болуп кетти. Бул албетте, айрым адамдарга жаккан жок. Алгач мен демилгелеп ишке ашырып жаткан иштерди парламентте улам-улам талкуулап, ызы-чуу чыгарабыз деп ойлошту. Бирок алар да тынчып калды. Анан аягында жол боюнча маселени көтөрүштү. Булардын баары шылтоо. Мен арызымды жазгандан кийин мага Фарид Ниязов келди: “Темир Аргембаевич, сиз кетип калсаңыз, бизде бир маселе пайда болот. Эмне үчүн ушундай жакшы иштеп жаткан адамдын жумуштан кеткенин элге түшүндүрүш керек”,- деди.

Бегимай БАКАШЕВА

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: