- Түндүк Кореядагы жогорку кызматтагылардын бири, Ким Чен Ындын үй-бүлөсүн дары-дармек менен камсыздаган аткаминер Японияга башпаанек издеп кайрылган.
- Филиппиндин президенти Родриго Дутерте АКШнын президенти Барак Обаманы “Көзгө көрүнбөй жоголуп кетсин” – депсөктү.
- Иран космостук агенттигинин башчысы Мохсен Бахрами алар жакынкы аралыкта өздөрү жасаган үч жандоочуну орбитага учуруу ниетинде экенин жар салды.
- Йемендеги чыр-чатактардан 19 ай ичинде 4 миңден ашуун жай жаран өлүп, 7 миңге жакыны жаракат алган.
- Якутияда студент музыканы өчүр деген мугалимин сабап салды.
- Аскерлер түшкөн тик учак Малайзиядагы мектептин чатырына кулап түштү.
- Бишкекте 11-октябрда кыздардын эл аралык күнү белгиленет. Аталган иш-чараны «Bread for the world» эл аралык уюмдун колдоосу менен «Балдарды коргоо борбору» уюштурууда.
- Кыргызстандык Александр Требунский Казанда өткөн алыска чуркоо мелдешинде алтын медалга ээ болду.
- Америкалык реалити-шоунун жылдызы Ким Кардашьяндын Парижде уурдалган зер буюмдарынын жалпы суммасы он миллион еврону түзөт.
- Минскиде коомдук жайда жыныстык катнашка баргандар 1 жылга эркинен ажыратылды.
- Индиялык чек арачылар премьер-министр Нарендра Модиге Пакистандан кабар жеткирип учуп келген көгүчкөндү кармап алышты.
- Сөөктүн чучугун алмаштыруучу жогорку технологиялык борбор Тбилисиде ачылганын өлкөнүн премьер-министри Георгий Квирикашвили билдирди.
- Антон Чеховдун 23 жашында жазган каты аукциондо 3,6 млн. рублге сатылды.
“Чыгыш-5” кичи районунда милиция кызматкери кемпирди колтуктап, жолдон өткөргөн
кайгуул милициясынын кызматкеринин кадамы ич жылытып, социалдык тармакта катуу талкууланууда.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ