Menu

Аскер прокурору билдирет

Бөлүшүү:

Учурда аскерден качып жүргөн уландарга карата эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мунапыс жарыяланды. Эгерде аскердик кызмат өтөөдөн качкан аскер кызматчылары ыктыярдуу түрдө аскер кызматын өтөгөн жерине келсе мунапыс актысын колдонуп, андан ары кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошоно алышат. Бул тууралуу  Бишкек гарнизонунун аскер прокурору, юстиция майору Эдилбек Стакеев билдирди.

Маалыматка ылайык, “Аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кеткен аскер кызматчыларына, учурда издөөдө жүргөндөргө кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутулууга жана мунапыс актысын колдонууга мүмкүнчүлүк бар. 2016-жылдын 9-августунда “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо жөнүндө” КРнын мыйзамы ишке кирди. Мыйзамга ылайык, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси (аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү), 360-берененин 1-бөлүгү (аскерден качуу) боюнча кылмыш жасагандар 3 айдын ичинде, ушул жылдын 9-августунан 9-ноябрына чейин кызмат ордуна же КРнын Аскер прокуратурасына келишсе кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Анын айтымында, аскер кызматчылары ыктыярдуу түрдө аскер кызматын өтөгөн жерине жана Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына, Бишкек шаары Салиев көчөсү 154 Свердлов аскердик комиссариатына келип кайрылышса болот.

Кошумча маалыматты тактоо үчүн төмөнкү телефондорго байланышса болот: (0312) 36 73 38; (0550) 66 88 26; (0551) 50 10 58; (0552) 65 55 57.

  • Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – Баткен облусу, Кадамжай шаары, Киров көчөсү 30;
  • Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – Ош шаары, Петров көчөсү 33;
  • Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 26;
  • Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – Балыкчы шаары, Кыргызстанга 40 жыл көчөсү 168.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: