Menu

Быйыл 80 мектеп курулуп бүтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү мектептердин курулушу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, 2016-жылга республика боюнча 80 мектептин курулушу пландаштырылган. Анын ичинен 2016-жылдын 1-октябрына карата 20 объект ишке берилген, ал эми 60 мектептин курулушу жыйынтыкталууда жана алар баскыч-баскычы менен ишке берилмекчи – октябрда – 21 объект, ноябрда – 25 жана декабрда 14 объект ишке киргизилет. «Натыйжада мектепке муктаж болгон аймактардын маселеси чечилет», – деп белгиледи Турдубек Мамбетов.

Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдиргендей, калган 60 мектептин курулушун жыйынтыктоого 473 млн. сом каралган, анын ичинен 398 млн. сому үстүбүздөгү айда бөлүнөт.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бардык курулуш иштерин жогорку деңгээлде жана мектептердин курулушун көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтүрүүнү талап кылды. Финансы министрлигине бардык керектүү каражатты убагында бөлүүнү тапшырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдына курулган объекттерди эксплуатациялоодо алардын сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койду.

Архитектура  курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине келерки жылдын планын түзүүдө өзгөчө аймактардагы талаптарга көңүл буруп, курулуш иштери аягына чыкпай калган объекттерге басым жасоону тапшырды.

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: