Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөнү парламенттеги бай депутаттардын уйкусу качты. Өзгөчө миллиондогон жашылбайларды чачып креслого жеткендердин. Ал эми кокустуктан келе калып депутаттык мандаттын даамын эми татып, айыл-апага барганда төргө отуруп уча алып дегендей, тендер-мендерлердин эми сазайын берем деп турганда «тарап кетебизби» деген жүрөкзаада «байкуш» депутаттардын уйкусун качырууда. Ал эми байлардыкы башка. Ырасында, жаңы Башмыйзам кабыл алынса, негизи азыркы парламент тарап, жаңыдан шайлоо жарыяланышы да мүмкүн деген жоромолдор бар. Андай болсо дагы ушунча каражат чачабызбы деп кайран байларыңдын көздөрүнөн жаш тегеренип туру. Бир чети жыл сайын шайлоо өткөрүп, байлардын миллиондорун элге чачтырып, шайлоодон көңүлүн биротоло калтырып, анан чөнтөк парламент деген аттан арылып, накта эл каймактары депутат болуп шайланып келчүдөй система зарыл болуп турган окшобойбу…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ