Menu

Жоомарттын колдоочусу “жоонбу”?

Бөлүшүү:

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду бар. Ишкананы Жоомарт Жумабеков деген иштетет экен. Муну кайдан билели. Жакында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Жоомарт Жумабековго сөгүш берди, жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген жүйө менен. Ошондо билдик бул Жоомарт деген беренди. Маалым болгондой, акыркы 10 күндөн бери так ошол матрезервден сакталган ундардын арасынан курт чыкканын ММКлар жазып, атүгүл тартылган видеосун элге жарыялап чыгышкан. Айталы дегенибиз, өз ишине шалаакы, элге курт жедирген жетекчиге  сөгүш берүү менен гана чектелебизби?! Же эмне Жоомарт Жумабеков дефицит кадрбы? Мындай акмакчылыгы үчүн эмнеге жоопко тартканга болбосун? Анткени ал мамлекеттик мүлктү ишенип тапшырган соң сактай албай сууга төгүп атпайбы? Андан мамлекет канча чыгымга учурап атат. Эмнеге алдын алуу иштерин жүргүзбөйт. Же миллиондогон чыгашалар Жумабеков үчүн сөгүшкө гана барабарбы?

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: