Menu

Видео – Жылдыз Жолдошева, экс-депутат: “2017-жылы Атамбаев, Текебаевдер баш болуп Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсү бийликке келбеши керек! Алардын моралдык укугу жок!”

Бөлүшүү:

“Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсүнүн бүгүн элге акыл-насаат айтканга моралдык укугу жок. Элди экиге бөлүүгө же өздөрүнүн бийликтерин бекемдөө үчүн кайра-кайра азыркыдай шоуларды уюштурганга, Кыргызстандын элин, Кыргызстандын тагдырын кайрадан бир чайкаганга алардын моралдык укугу жок”, – деп билдирди кечээ, 9-октябрда Бишкекте Кыргызстандын тунгуч саясий партиясынын – “ЭрК” (“Эркин Кыргызстан”) партиясынын 25-жылдыгына арналган салтанаттуу, XVIII курултайында экс-депутат Жылдыз Жолдошева.

“Ошон үчүн акыл менен ой калчаган баардык саясый партиялар биригип, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасагандары ачыкка чыгарыш керек. Айттыбы Атамбаев, өзү 31-августта, эң ыйык майрамда, Көз карандысыздыктын 25 жылдыгында, Манас атабыздын эстелигинин алдында, Кыргызстандын желеги желбиреп турган жерде, 87 баланын каны төгүлгөн аянтта айттыбы? Ош окуясынын аягына чыгам деп, чыксын! Ош окуясы Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда курал боло турган жөнөкөй окуя эмес. Ош окуясы улуттук трагедия! Карапайым кыргыз-өзбек элдеринин балдары каза болушту. Согуш болду! Ошон үчүн Атамбаев аягына чыксын! Айттыбы Атамбаев, мародерлордун аягына чыгам, табам, ачам, каматам деп? Каматсын! Айттыбы Атамбаев, банк ячейкаларынан акча уурдагандардын жүзүн ачып берем деп, анда ачсын! Президент бул айткандарын аягына чыгарып, камаганын камап, баары тең өз жазасын алгандан кийин баарын таза ак кагаздан башташыбыз керек. 2017-жылы Атамбаев, Текебаевдер баш болуп Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү да бийликке келбеши керек. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүсүз реформа деген ураандын алдында биригишибиз керек,”- деди Жылдыз Жолдошева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видеотасма Каныбек Темировдуку

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: