Menu

Депутат Кожобек Рыспаев: «Тоо-кен тармагы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин демилгеси боюнча жаӊыдан иштелип чыккан “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эксперттер менен адистер катышууда. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи-депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, тоо-кен тармагы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат. Колдонуудагы мыйзам учурдун талаптарына толук жооп бербей калды. Азыр кен иштетүү жаатында башаламандыктар болуп, көптөгөн талаш-тартыштар жаралууда. Ошондон улам, жер казынасына байланыштуу мыйзам базасын өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыккан.

«Мыйзам долбоору жер казынасын пайдаланууну жөнгө салууну өркүндөтүү, жаӊы жол-жоболорду жана механизмдерди киргизүү, байкалган кемчиликтерди четтетүү жана боштуктарды толтуруу максатында иштелип чыкты», – дейт депутат.

Талкуу жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев азыркы мыйзам деле кыйла алгылыктуу иштеп жатканын белгиледи. Ал жаӊы мыйзам долбоорунда кен-байлыктарды иштеткен ишканалардын абалына терс таасирин тийгизе турган айрым бир жоболор бар экенин билдирди. «Соцпакетти майда кендерди иштеткен ишканалар көтөрө албайт. Азыр кендерди ишитетүү укугун толугу менен Өкмөткө берүү сунушталууда. Мындай болбойт. Кен сынаксыз берилбеши керек», – дейт ал.

Эксперт Кубат Осмонбетов кен кору азайгандыктан, «Макмал» алтын кени жабылуу алдында турганын билдирди. «Чалгындоо иштери токтоп калды. Ошондуктан, мыйзамда жаӊы кен корлору менен камсыз кылуу жолдору да камтылууга тийиш. Ал эми шагыл, топурак сындуу кендерди иштетүү жергиликтүү деӊгээлде эле чечилгени дурус. Ошондо элет жергесинде өнүгүү болот», – дейт ал.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси талкуу жүрүшүндө айтылган сунуштардын баарын талдап чыгып, алгылыктууларын эске алууга убада берди.

“Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуунун жыйынтыгында резолюция жана сунуштамалар кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: